Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

БИЙЛИК БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР МЕНЕН ЭРИШ-АРКАК ИШТӨӨГӨ ДАЯРБЫ?


Өткөн апта ичинде кыргыз өкмөтү бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик бийликтин кызматташуусу жөнүндөгү концепцияны кабыл алды. Ал 2002-2010-жылдар аралыгында ишке ашырылуучу «Адам укугу» улуттук программасын ишке ашыруу багытында кабыл алынып, бейөкмөт уюмдар менен өкмөттүн алдына биргелешип иш алып баруу милдетин алдыга койду. Бирок концепцияга бейөкмөт уюмдар сын пикирлерин билдиришүүдө.

Бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик бийликтин кызматташуусу тууралуу концепция жети бөлүктөн турат. Анда бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик бийликтин кызматташуусу бышып жетилгендиги айтылат. Алаканы бекемдөө үчүн атуулдук демилгелерге шарт түзүп, социалдык багытта иш жүргүзгөн уюмдарга мамлекеттик заказ берүү, кызматташуу боюнча консультативдик кеңештерди уюштуруу жана маалымат менен камсыз кылуу максаттары алдыга коюлган. Бул максаттарга жетүү үчүн мыйзамдуулук принцибин бекем сактап, тийешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мамлекет тарабынан долбоорлорду берүү белгиленген.

Андан тышкары 2006-жылга чейин бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү программасын даярдоо иши Юстиция министрлигине тапшырылган.

Бирок өкмөттүн мындай ниети ар кандай багытта иш жүргүзгөн бейөкмөт уюмдардын катуу сынына кабылды. Уюм өкүлдөрүнүн пикири боюнча, өкмөт бул документ аркылуу эларалык коомчулук алдында бийлик атуулдук коом менен бирге иштешип жатат деген пикирди түзүүгө, анын негизинде бейөкмөт уюмдардын демилгесин басаңдатууга жан далбастап жатат.

Бул тууралуу «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова мындай дейт:

- Бул - "Демократиялык кодекстин" уландысы. Муну менен коммунисттик идеологияны же Түркмөнстандын «Рухнамесинин» идеологиясын алып келип жатышат. «Силер акырын отургула, өкмөт өзү билет, өкмөт айткандай жасасаңар баары жакшы болот жана баарыңар бирдей тегиз болуп, айтканды жасасаңар анан биз жардам беребиз» деген максатты көздөгөн Демокартиялык кдекс аркылуу тегиз кылып, элди өзү каалагандай башкарууга жардам берип жатат. Өкмөттүн концепциясы да ушуга багытталып жатат.

Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун билдирүүсү боюнча, концепция жарандык коом тууралуу такыр түшүнүгү жок адамдар тарабынан даярдалган жана атуулдардын демилгесин колдоого алып иштешүү жөнүндө Конституциянын жаңы редакциясына киргизилген жоболор эске алынган эмес:

- Албетте, бул өкмөттүн алдыга жылууга жасаган кадамы. Бирок абдан чала даярдалган документ болуп калыптыр. Концепцияда Конституциянын тийешелүү беренелери эске алынбагандан кийин толук күчкө ээ боло албайт.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева да концепциянын жогоруда аталган кемчиликтерине байланыштуу аны жарандык коом өкүлдөрү менен өкмөт кайра иштеп чыгууга милдеттүү деген ойдо:

- Мындай концепцияны кабыл алуудан мурун жарандык коомдун талкуусунан өткөрүп, анан токтом кабыл алыш керек эле. Ошол себептен деңгээли бийик болбой калыптыр. Жакшыртууга эми деле кеч эмес деген ойдомун. Ошондуктан, эми деле ачык-айкын талкуулап туруп, өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Өзгөртүүлөрдү киргизбесе колдонууга болбойт.

Концепцияда Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн бир катар мамлекеттик эмес уюмдар, анын ичинде чет өлкөлөрдөн каражат алган укук коргоочу уюмдар «чөнтөк уюмга» айланганы баса белгиленген.

Алар укук коргоо аракеттерин көрбөй эле бирөөнүн көрсөтмөсү менен мамлекеттик бийликти негизсиз сындоо менен алектенип жаткандыгы айтылып, ушундан улам мамлекет менен бейөкмөт уюмдар ортосундагы карым-катышты жөнгө салуу зарыл деген милдет алдыга коюлган.

Бейөкмөт уюм өкүлдөрүн концепциянын мына ушул жобосу да бейпайга салып, алар өкмөт муну менен жарандык демилгени ооздуктап, уюмдарды кол балага айландыруу аракетин көрүүдө деген бүтүмгө келишүүдө. Ал тууралуу Төлөкан Исмаилова төмөндөгүдөй пикирде:

- Өкмөт атуулдук коомдун жана анын мамлекеттик иштерге катышуу процессин жакшы билиш керек. Аны жакшы билбей туруп эле өкмөт өзүнүн каалаган саясатын жүргүсү келип жатат. Ошондуктан концепция атуулдук демилгени түп-тамырынан бери жокко чыгарат. Биз баарын жакшы дешибиз керек. Алардын ою боюнча ооздукталмак түгүл, атуул болбой мал болушубуз керек экен да!

"Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн концепция боюнча мындай сын-пикирлери эске алынабы?" деген суроого премьер-министр аппаратынан жооп ала алган жокпуз. Аппараттын төрт бөлүмү концепцияны ким иштеп чыккандыгы тууралуу маалыматты үч күн бою бере албай коюшту. Акыры токтомдун долбоорун юридикалык бөлүмдүн эксперти Талант Сагыналиев даярдагандыгын билдиришти.

Талант Сагыналиев болсо бейөкмөт уюмдардын сыны негизсиз экендигин баса белгилеп, концепция долбоорун даярдап жатканда азыр сындап жаткан уюмдардын бир дагы өкүлү иштиктүү сунуш киргизбегендигин билдирди. Анан бул ойлорун радиого ырасмий түрдө билдирүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG