Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

Баңгиликти кантип токтотсо болот?


ОШ. Ош областык баңги диспансеринде маңзатты керектөөнү азайтуу проблемасына арналган «Тегерек үстөл» жыйыны болду. Бул жыйынды баш кеңсеси Алматы шаарында жайгашкан "Чыгыш, Батыш СПИД" кору уюштурду. Талкууга Кыргызстандын түштүк облустарындагы эле эмес, Тажикстандагы, Казакстандагы айрым СПИД борборлорунун, баңгидиспансерлердин да жооптуу кызматкерлери катышты. «Тегерек үстөл» жыйынында баңгизатты керектөөнү азайтуу маселеси гранттык долбоорлорду тийешелүү мекеме, уюмдардын тегиз жаза билүүсүнүн жана эларалык уюмдар менен эриш-аркак иштешүүсүнүн натыйжасында гана чечилээри айтылды. Ошондой эле дарыланып чыккандардын баңги чөйрөсүнө аралашпоосу үчүн өзүнчө калыбына келтирүүчү жайларды уюштурууга да мезгил жеткени айтылды. Дал ушул жагдайлар, айрыкча, Кыргызстанда чоң кенемте деген жыйынтыкка келишти.

XS
SM
MD
LG