Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:22

ТИЛ ТУУРАЛУУ ЖАҢЫ ЖАРДЫК БАШМЫЙЗАМГА КАРШЫ КЕЛЕБИ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн президент Аскар Акаев өкмөт үйүндө «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга жана «Мамлекеттик жана ырасмий тилдердин натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарт түзүү чаралары» деп аталган жардыкка кол койду. Аталган жардыкта өлкөдөгү иш кагаздардын түп нускасын толук түрдө мамлекеттик тилге 2015-жылдын 1-январынан кийин өткөрүү белгиленген. Буга байланыштуу айрым саясатчылар мамлекет башчы өз жардыгы менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө укугу жоктугун айтышып, президенттин мындай жардыгын Конституциялык сотко бере тургандыгын билдиришүүдө.

Мамлекеттик тил мыйзамына кол коюу аземине Жогорку Кеңештин кош палата төрагалары, премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Адегенде президент Аскар Акаев мамлекеттик тил мыйзамынын мааниси тууралуу чакан сөз сүйлөп, аталган мыйзамга жана «Кош тилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты андан ары өнүктүрүү жана Кыргыз республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерин натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарт түзүү жөнүндө чаралары» деп аталган жардыкка кол койду. Мамлекет башчы жаңыдан кол коюлган мыйзамга төмөндөгүчө баа берди:

-Мына азыр колумду бакыйта коюп, ак дилимден чыккан батамды бергени турган мыйзам улутубуздун руханий уңгусун сактай турган, тарыхый эс тутумун кайра калыбына келтире турган, арыбыз менен намысыбызды коргой турган, кылым карыткан кыргыз тарыхында татыктуу ордун ээлей турган мыйзам деп эсептейм, урматтуу замандаштар.

Андан аркы сөзүндө Аскар Акаев мамлекеттик жана ырасмий тилдердин натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарт түзүү жөнүндө чаралары тууралуу жардыкка кол койгондугун айтып, бирок анын маңызын чечмелеген жок.

Белгилей кетүүчү нерсе, аталган жардыкта кыргыз өкмөтү мамлекеттик жана ырасмий тилдерди үйрөтүүгө шарт түзүп берүүгө милдеттендирилип, өлкөдөгү иш кагаздардын түп нускасын толук түрдө мамлекеттик тилге 2015-жылдын 1-январында өткөрүү каралаган. Жардыкта кайсыл мамлекеттик кызматкер канчалык деңгээлде кыргыз тилин билүүсү туралуу жол жоболорду 2007-жылга чейин иштеп чыгуу белгиленген.

Айрым саясатчылардын пикиринде, мамлекет башчынын мындай жардыгы өлкөнүн Башмыйзамына каршы келет. Анткени мамлекеттик тил тууралуу мыйзамда «өлкөдөгү иш кагаздарынын түп нускасын мамлекеттик тилде мыйзам күчүнө киргенден баштап жүргүзүү керек» деп жазылган. Ошондой эле алардын айтымында, мамлекет башчынын жардыгында өлкөдөгү иш кагаздардын түп нускасын толук түрдө мамлекеттик тилге 2015-жылдын 1-январында өткөрүү тууралуу жазылып, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизилген.

Ошондон улам Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров «Конституциянын 46-беренесинде мамлекет башчы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алган мыйзамдарга кол койот же каршы пикирин билдирип кайра Жогорку Кеңешке жөтөт деп жазылган. Ошондуктан мамлекет башчы Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынган мызамга өзгөртүү киргизгени мыйзамсыз» дейт:

- Президент бүгүнкү мыйзамга жана жардыкка кол коюу менен дагы бир жолу өзүнүн чыныгы жүзүн, тагыраак айтканда, эки жүздүү саясатчы экендигин коомчулуктун алдында ачык далилдеди. Мындай жардыкка кол коюуда президенттин бир эле мезгилде орус тилдүүлөрдүн жана кыргыз элинин көңүлүн алып койом деген максаты ачык көрүнүп турат. Бирок президенттин бул аракеттери мыйзамга каршы келет. Анткени президент Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзага анын айрым бир жоболорун 2015-жылга чейин деген сыяктуу өзгөртүү киргизе албайт. Ошондуктан Кыргызстандын атуулдары жана чыныгы тилге күйгөн саясатчылары президенттин мындай жардыгын Конституциялык сотко берет. Алар бербесе Конституциялык сотко мен кайрылам. Анткени президент өзүнүн Баш мыйзамдагы ыйгарым укук чегинен чыгып кетти.

Ал эми президенттин жардыгы тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын дагы бир депутаты Жангороз Каниметов мындайча пикирин билдирди:

- 2015-жыл эртең эле келет. Бирок мен иш кагаздарын мамлекеттик тилге 2015-жылы өткөрүү керек дегенге кошула албайм.

Эл өкүлдөрүнүн жогорудагыдай пикирине аткаруу бийлигинин өкүлдөрү макул эмес. Маселен, президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков мындай дейт:

-Бөйрөктөн шыйрак чыгарган саясатчылар толуп жатпайбы. Жардыкта тил маселесин акырындык менен шарт-шарты менен өнүктүрүү маселеси каралган. Бул жардык Башмыйзамга каршы келбейт. Тескерисинче, жардыкта ушул мыйзамды аткаруунун жол-жоболору каралды.

XS
SM
MD
LG