Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

ЖАЛАЛАБАДДЫКТАРДЫ ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ТЕРРОРДУК ОКУЯЛАР ТЫНЧСЫЗДАНДЫРУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Өзбекстандагы бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган террордук акциялар жалалабаддыктарды да тынчсыздантууда. "Хизб ут-Тахрир" уюмунун облустагы мүчөлөрү өзбек бийлигинин терракттарды ушул партиядан көрүшүнө нааразы. Айрым талдоочулар болсо акыркы окуяларды коңшу өлкөдө эркиндиктин жоктугунан көрүп жатышат. Кыргыз-өзюбек чегарасы бекем кайтарыла баштады.

Облус тургундары бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган террорчуларды айыптоодо. "Хизб ут-Тахрир" партиясынын мүчөсү Султандын болжолунда Өзбекстандагы жардырууга идеологиялык күрөш жүргүзгөн уюмдун эч кандай тийешеси жок:

- "Хизб ут-Тахрирге» шылтаганы туура эмес. Исламда кан төгүү, курал алуу каралган эмес. Андай окуя – «Хизб уттун….» түзүлүшү менен идеологиясына туура келбейт. Бул окуя Ислам Каримовдун Орусиядан узап, АКШга жакын болгону үчүн жасалды окшойт. Дагы бир маселе - кошуналардан чегараны катуу кайтарганы жана аялдарга кысымды күчөткөнү үчүн жасалды го...

«Иса машаяк» тобунун башчысы Капар террорчулардын максатын билүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүнү, атуулдук согуш чыкпашы үчүн аларды мыйзам чегинде жазалоону сунуштайт:

- Граждандык согуш болбош үчүн андай адамдарды мыйзамга ылайык жоопко тартуу керек. Кыргызстанда андай окуя болбошу үчүн өлкөдөгү дин мекемелери террорчулар менен дин жолундагылдарды айырмалай билүүсү абзел.

Асан аттуу жигиттин пикири боюнча, Өзбекстанда эркиндиктин жана демократиянын жоктугу ушундай окуяны жаратты:

- Элге эркиндик зарыл. Бийлик эл менен, казыят менен биргелешип иштеши керек эле. Кыргызстанда Өзбекстандагыдай окуялар болбошу үчүн бийлик элге жакын болуп, Аскар Акаев администрацияда иштегендер жана «дежурный» адамдар менен жолугушуп жүрө бербей, эл менен тыгыз байланышта болсо, кудай кааласа Кыргызстанда андай окуя болбойт.

Өзбекстандагы окуяга байланыштуу областтагы күч уюмдары менен аскер бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипке өттү:

- Күч органдары стратегиялык маанидеги имараттарды, чегараны күчөтүлгөн абалда кайтарууга өттү. Эл көп топтолчу жайларды жакшылап тескөө тапшырмасын алышты, – дейт облбийликтин бөлүм башчысы Кадыр Бечелов.

XS
SM
MD
LG