Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

ФАЛЛУЖАДА АБАЛ ДАГЫ ЭЛЕ КООПТУУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Бейшемби күнү Ирактын Фаллужа шаарынын чет жакасында орнотулган бомбага кабылып, америкалык үч солдат жаракат алды. Андан бир күн мурда ирактыктар шаарда иштеп жаткан америкалык төрт жаранды өлтүрүп, өлүктөрүн мазактап, шакаба чегишкен. Бул окуялардан кийин америкалык аскердик жетекчилик шаарды кайрадан толук көзөмөлгө алып, анда тартип менен тынчтыкты орнотууга чечкиндүү аракет кылып жатышат.

Шаршемби күнү ирактыктар жасаган мыкаачылыкка ачууланган америкалык аскердик командачылык шаарда кайрадан тартип менен тынчтыкты орнотконго сөз берди. Америкалык аскердик өкүл, генерал Марк Киммит бул жөнүндө мындай деп билдирди:

- Шаарда кайрадан салгылашуулар болоор-болбосу жагдайга жараша чечилет. Эгерде америкалыктарга кол салуу токтотулбаса шаардагы аскерлер бир топ күчтөндүрүлүп, согушкерлердин уюктарына таамай, тынымсыз сокку урулат.

Ошону менен бирге эле Киммит мындай тикелей кандуу жаңжалды болтурбоо дале болсо шаар акимчилигинин колунда экенин белгиледи:

- Эгерде мыкаачылык менен минтип киши өлтүрүүлөргө кимдердин катышы бар экенин шаар бийликтери айныксыз аныктап, аларды өздөрү жазалай турган болсо, андай тикелей жаңжалдын дагы эле алдын алууга болот.

Шаршемби күнү жоон топ ирактыктар Иракта иштеп жатышкан америкалык 4 жаранды өлтүрүп, алардын күйгөн өлүктөрүн шаар көчөлөрү менен сүйрөп, шакакба чегишкен. Өлүктөрдүн биринде "Фаллужа -америкалыктардын көрүстөнү болот!" деген жазуу бар эле. Кыбасы канып, урунаарга тоо таппай турган элден кооптонгондуктанбы, айтор, шаардын полициясы окуяны көрүп туруп эле, кийлигишпей койгон.

Фаллужанын диний жетекчилиги бул кандуу окуяны ыймансыздык деп билдирди. Бирок диний жетекчилер мындай жорукка аралашкандарды кылмышкер деп сыпаттабастан, "айрым мусулмандардын балалык кылып, ачууга алдырганы" катары гана баалап, тим болду.

Америкалык генерал Киммиттин көз карашында, Саддам Хусейиндин "Баас" партиясынын таяныч пункту болуп эсептелген Фалужадагы окуяларга эски режимдин тарапкерлеринин, Хусейиндин "Федаиндер" аттуу жазалоочу топторунун, атүгүл, Ирактын мурдагы чалгындоо кызматынын тийешеси бар болуусу мүмкүн.

Бирок чөлкөмдө иштеп жаткан кабарчылар бейшемби күнкү антиамерикалык демонстрацияда ирактыктар бийликтен четтетилген диктатор Саддамдын сүрөттөрүн эмес, бир нече жума мурда Израилдин ракетасынан курман болгон "Хамас" тобунун жетекчиси Ахмед Ясиндин сүрөттөрүн көтөрүп, исламдык ураандарды көтөрүп чыгышканын кабарлашат.

Багдаддан 55 чакырым алыс жерде жайгашкан Фаллужада башынан баштап эле америкалыктарга каршы маанай күч. Былтыр апрель айында америкалык аскерлер 18 демонстрантты атып салгандан бери шаар калкы америкалык аскерлерге өчүгүп калган. Лондондук аналитик Мустафа Аланинин көз карашында, фаллужалыктардын америкалыктарды жек көрүп калышына аскерлердин тынч демонстранттарга ок ачканы себеп болгон:

- Фаллужанын өчүгүп калышына согушка каршы жүрүшкө чыккан тынч демонстранттарга америкалык аскерлердин ок атканы түрткү болгон.

Кан төгүү менен аяктаган ал тынч жүрүшкө анда бир топ балдар жана өспүрүмдөр да катышкан эле.

Бирок эки ортодогу кастык эмнеден ырбабасын америкалык аскерлердин жардамы менен уюшулуп жаткан Ирактын жаңы полициясына бир жылдан бери тынымсыз куралдуу кол салуулар жасалып келатат. Байкоочулар америкалык аскерлердин кыйла күчтөндүрүлүшү эки ортодогу душмандыкты ого бетер ырбата турганын божомолдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG