Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:18

ГРУЗИЯДАГЫ ШАЙЛОО: КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН


28-мартта Грузияда өткөн парламенттик шайлоого Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү байкоочу катары катышкан. Экономикалык абалы, калкынын жашоо-турмушу жагынан Кыргызстанга кыйла окшош Грузиянын “жибек ыңкылабы” кыргыз оппозициясынын чечекейин чеч кылып, чоң кызыгуу жаратты. «Грузин окуясы биздин жерде кайталанышы мүмкүнбү?» суроосу кыйладан бери коомчулукту түйшөлтүп келет. Эмдиги жылдын башында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ошондон Грузиядагы парламенттик шайлоонун сабактары тууралуу кеп кылуунун оролу келип турат.

Грузиядагы парламенттик шайлоого Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын айрым өкүлдөрү байкоочу катары катышып келишти. Алардын айтымында, Грузиядагы парламент шайлоосу кыйла ачык, калыс өттү. Шайлоо жыйынтыгында Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин улуттук демократия партиясы арбын добуш топтоп, парламенттеги көпчүлүк орунду ээлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

- Грузиядагы парламенттик шайлоо Кыргызстанда өткөн шайлоодон кескин айырмаланат. Шайлоо жыйынтыгын бурмалоого, катачылыктарга жол бербеш үчүн Грузияда жасалган жаңылыктарын айта кетейин. Анан да Грузиядагы “жибек ыңкылабына” шерденген калктын маанайы жогору болду. Калк абыдан саясатташкан экен, - дейт Демократияны колдоо маалымат борборунун жетекчиси Динара Аляева.

Анын ырасташынча, калктын көпчүлүгү, айрыкча элет адамдарынын саясий активдүүлүгү баамга урунат.

- Кыргызстандан айырмаланып, Грузияда шайлоо маалында добуш берүүлөрдү чогуу, катар эсептөө жүргүзүлдү. Абийирдүү демократия үчүн эларалык уюму (International Society for Favour Democrasy) 2600 кишини байкоочу катары даярдаган. Ар бир бешинчи шайлоо участогу эларалык уюм байкоочуларынын текшерүүсүндө болду. Жалпы Грузияда шайлоо кандай жүрүп атканы тууралуу саат сайын маалымат эларалык уюмдун офисине келип турду. Шайлоо жыйынтыгын Ыймандуу демократия үчүн эларалык уюму мамлекеттик кызматтардан мурда чыгарды, - дейт Динара Аляева.

Грузиядагы президенттик, парламенттик шайлоодо бир эле кишинин улам-улам кайталап добуш бербеши үчүн шайлоочунун бармагына бойок сүртүп коюу ыкмасы колдонулган.

Тоң районундагы “Шоола” коомдук бирикмесинин жетекчиси Антонина Ли борбор бийлигине баш ийгиси келбеген Ажар автоном республикасынын ордо шаары Батумиде парламенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн.

- Бул ирет шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жаңыланган экен, жаштардан көп кошулуптур. 18 партия шайлоого катышып, анын ичинен үч партия шайлоо алдында оюндан чыгып кетиптир, - дейт Антонина Ли.

Шайлоону калыс өткөрүү үчүн Грузия эларалык уюмдардын көмөгү менен шайлоочунун баш бармагына белги коюп, бар тарабы ачык көрүнүп турган үкөктөрдү пайдаланды. Грузиядагы эки шайлоодон Кыргызстан кандай сабактар алышы керек?

Динара Аляева калктын саясий түшүнүгүн көтөрүү зарыл деп эсептейт:

- 28-марттагы шайлоо - өткөн жылдын ноябрындагы “жибек ыңкылабынын” жемиши. Анын негизги сабагы – атуулдук коомдун түзүлүшү. Калкка саясий укуктары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Адамдар өздөрү шайлоо жыйынтыгынын бурмаланышына, көз бойомочулукка жол бербеши керек. Эл өз укугун сактап, мындан ары баштагы көнүмүш менен жашоо жарабастыгын түшүнүүсүнө убакыт жетти.

Грузиядагы шайлоого байкоочу болуп барып келгендердин пикири боюнча, андан Кыргызстандын бейөкмөт уюмдары, саясий күчтөр олуттуу сабак алышы керек. Калк кайсы бир саясий ишмердин сердымагына ынанбай, өлкөнү алдыга жылдырууга жарамдуу программаны колдоого алуусу абзел.

- Грузиядагы азыркы жагдай кимди да болсо шердентпей койбойт. Мен ал жерден көтөрүңкү маанайда келдим. Грузиндердин патриоттук сезими, кыска убакыттын ичинде бийикке көтөрүлгөн саясий маданият, элдин маанайы кимди да болсо толкундатпай койбойт. Грузиядагы саясий жагдай өзгөрүлүшү үчүн бейөкмөт уюмдар, саясий күчтөр, маалымдоо каражаттары, калк – баары биригип, бир күч болуп жасаган аракет жемишин берди, - дейт Динара Аляева.

Постсоветтик өлкөлөрдүн арасында экономикалык жагынан тежемел Грузия президенттик, парламенттик шайлоону үлгү болорлук деңгээлде өткөрө алды. Бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн ырасташынча, андайга жетиш үчүн ириде калктын саясий маданиятын көтөрүү зарыл.

XS
SM
MD
LG