Акыркы үч америкалык президенттин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси болуп иштеген Ричард Кларк жакында жарыялаган китепте 11-сентябрдагы теракттар ишке ашырылаардын алдында алар даярдалып жаткандыгы тууралуу маалымат болгон, бирок АКШ жетекчилиги ага жетиштүү баа берген эмес деп айтылат. Аны менен катар, Кларктын айтымында, 11-сентябрдан кийин эл аралык террорчулукка каршы күрөш башталганда эле президент Жорж Буш жетиштүү негизсиз Иракка каршы согуш ачууга даярдана баштаган. Кээ бир эксперттердин пикиринде, бул эки фактты бириктирсе, Иракка каршы согуш баштоонун себептеринин бири - АКШга каршы жасалган террордук чабуулдардын алдын ала албагандыкты жашыруу максаты болгон.
Иракка каршы согуш баштоо маселеси учурунда эл аралык коомчулукта жана Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде да талкууланган. АКШ ага жетиштүү далил көрсөтүп бере албагандыктан, Франция сыяктуу мамлекеттер согушка каршы чыккан. 2003-жылдын февралында Коопсуздук Кеңешинде талкуу болгондо, мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Ирактын кеңири кыруучу куралдары тууралуу АКШда төгүнгө чыгарылгыс далилдер бар экени тууралуу айткан жана Кеңештин мүчөлөрүнө кээ бир заттарды да көрсөткөн. Азыр Пауэлл ал далилдер төгүндөлгүс экенинен өзү күмөн санаганын айтууда жана эмне үчүн Борбордук чалгындоо агенттиги тапкан андай маалымат так эмес экенин көз карандысыз комиссия тергеп чыгууга тийиш деп билдирүүдө.
11-сентябрдагы теракттардын алдын алууга АКШ жетекчилиги бардык мүмкүн болгон чараларды көргөн-көрбөгөнүн тергөө үчүн Конгресс тарабынан атайын көз карандысыз комиссия түзүлгөн жана ал март айынан бери ачык угууларды өткөрүүдө. Комиссия алдында Ричард Кларк, Борбордук чалгындоо агенттигинин деректири Жорж Тенет жана башка жетекчилер чыгып сүйлөдү. Көпкө каршы болуп келгенден кийин, комиссиянын ачык эмес жыйынына президент Жорж Буш жана вице-президент Дик Чейни да катышууга макулдугун берди.
3-апрелде "Нью-Йорк таймс" гезити жазып чыкканга караганда, президент Билл Клинтондун учурунда эл аралык террорчулук боюнча көптөгөн маалымат чогултулган жана анын баары азыркы өкмөттүн колунда, бирок Буштун администрациясы аларды комиссияга берүүдөн баш тартууда. Комиссиянын төрагасы Томас Киин катуу талап кылгандан кийин гана өкмөт ал документтерди атайын адистер карап чыксын, ошондон кийин гана биз чечим кабыл алалы деп билдирди.
Комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүүгө коопсуздук маселелери боюнча президенттин жардамчысы Кондолиза Райс да чакырылган, бирок президент алгач ага каршы чыгып, Конгресс жана коомчулуктун катуу басымы астында гана ага макул болду. Райс эми комиссия алдында 8-апрелде сүйлөмөй болду. "Нью-Йорк таймс" гезитинин жазышынча, Америка элине бардык мыйзамдуу талапткарга каршы чыккан эмес, орчундуу мамлекеттик маселелер боюнча маалыматтарды ачык берген өкмөт керек.
Кондолиза Райстын комиссияга келишине макул болгонун президент Буш окуя өтө орчундуу экендиги менен түшүндүрдү:
- Конгрес жетекчилери жана комиссия мүчөлөрү мага макул болду: Райс айымдын мисалы өзгөчө, анткени 2001-жылдын 11-сентябрында болгон чабуул дагы - өтө өзгөчө окуя.
Англиялык "Индепендент" гезитинин жазганына караганда, президент Буш үчүн Кондолиза Райстын сөздөрү президент Клинтон үчүн Моника Левинскинин сөздөрүндөй мааниге ээ болушу мүмкүн.