Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

АПТАНЫН МААНИЛҮҮ ОКУЯЛАРЫ: ӨЗБЕКСТАН ОКУЯЛАРЫ. ТИЛ МЫЙЗАМЫ. ОТУН-СУУ...


Өтүп бараткан жумада өлкөдө бир катар маанилүү окуялар болду. Президент А. Акаев «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга кол койду, парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы улантылды. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйыны өзбек кесиптештерине суу маселесинде кайрылуу кабыл алды.

Апта башында кооптуу кабар коңшу мамлекет Өзбекстандан келди. Ташкентте, Бухарада жардыруулар жана Өзбекстан ордо шаарында атышуулар орун алып, ага байланыштуу кыргыз бийлиги коопсуздук чараларын күчөттү. Чек ара кызматы күжүрмөн даярдыкка келтирилди.

Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов коңшу өлкөдөгү кырдаал жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу буларды билдирген эле:

- Эки мамлекеттин атайын кызматтары тарабынан ургаалдуу кызматташуулар башталды. Биздин чек ара кызматыбыз күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Анткени ал өлкөдөн биз тарапка (террорчулар) качып өтүүсү мүмкүн. Андай окуя 1999-жылы болуп, террорчулар Бишкектен кармалган.

Бирок апта ичинде Кыргызстан аймагынан шектүү адамдардын кармалганы тууралуу маалымат чыккан жок.

Өзбекстанда кырдаал курчуган убакта Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа келип, президент Акаев баш болгон расмий жетекчилер менен ЖККУ уюмунун ишмердүүлүгү боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүп кетти.

Бул арада Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы уланып,анда бир катар жаңы министрлерди дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Талапкерлерге суроо берүүнүн жүрүшүндө мактоого татыган Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Амангелди Муралиев, бирок добуш берүүгө келгенде жетиштүү добуш ала албай калды.

Ал эми 1998-жылдагы кризистен кийин өкмөт башчысы кызматынан алынган Кубанычбек Жумалиев депутаттардын колдоосуна ээ болуп, биринчи вице-премьер министрлик кызматка дайындалууга жол алды.

2-апрелде президент «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга кол койду. Ага кол коюу аземинде президент буларга токтолду:

- Мына мен азыр колумду коюп, ак дилден батамды бере турган мыйзам - улутубуздун руханий уңгусун сактай турган мыйзам болот деп эсептеймин.

Президент мыйзамды бекитүү менен катар «Мамлекеттик жана расмий тилдин колдонулушу (функцияланышы) үчүн кошумча чаралар жөнүндө» жардыкка кол койгондугун жарыялады. Президенттин бул кадамы оппозиция тарабынан сынга алынып, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров ал жардык тил мыйзамына каршы келет деп санаарын, ошондуктан аны жокко чыгаруу үчүн Конституциялык сотко кайрылаарын билдирди.

Тил боюнча талаш-тартыштар дагы да уланаарын белгилүү болуп турган чакта Жогорку Сот 2002-жылы Аксы окуясында жабырлангандардын арызын 6-апрелде караары маалым болду.

Бирок жабырлануучулар сот жараяны окуя болгон жерде өтүшүн, өздөрүнүн Бишкекке келишке каражаттары жок экендигин билдире башташты. Аксы окуясында уулу Сатымбай Үркүнбаев окко учкан Камкаян Үркүнбаева «Азаттыкка» буларды билдирген:

- Биздин Бишкекке бара турган акыбалыбыз жок. Ушунча адам кантип барабыз? Биздин борборго барууга каражатыбыз да жок.

Жума соңунда өлкөдө дагы бир катар башка окуялар болду. Бир жагынан, президенттин администрациясы шарп ылаңынын жайылышын талкуулап, өлкөгө андан 119 миллион сом зыян келгендигин жарыяласа, экинчи жагынан, президент А.Акаевдин эл аралык кызматташуу жана интеграция министрлигин түзүү тууралуу жардыкка кол койгондугу маалымдалды. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин айтымында, бул министрлик Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдерди аткаруу максатында түзүлдү. Ал эми оппозициялык маанайдагы «Арнамыс» партиянын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бирин-бири кайталаган министрликтерди, комитеттерди түзүүнүн зарылдыгы жок деген пикирин билдирди.

Жума соңунда Мыйзам чыгаруу жыйыны өзбек парламентине кайрылуу кабыл алып, Кыргызстандын суу ресурстарын пайдаланууда өз ара пайдалуу кызматташууга, бул тармакта Кыргызстандын чыгымдарын эске алууга өз кесиптештеринен өтүнгөн.

Өтүп бараткан жумада өлкөдө ири криминалдык териштирүүлөр уланды. Бул жолу 28 жаштагы ишкер Алтынбек Курманалиев киши аткычтардын огунан набыт болду. Ал эми аркы жумада ири ишкер, жергиликтүү уйгурлардын лидерлеринин бири Илшат Габбазов атылып өлтүрүлгөн эле.

Бул атып өлтүрүүлөргө чейин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алымбай Султанов өлкөдө криминалдык атышуулар күчөгөнүн билдирип, аларды тыюуда Ички иштер министрлиги жетиштүү аракет жасабай жатат деп министрликти сынга алган эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG