Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

БУУнун БАШКЫ КАТЧЫСЫ КОФИ АННАН ЫРАСМИЙ САПАР МЕНЕН МОСКВАДА ЖҮРӨТ


Төрөкул Дооров, Москва Кечээ (4-апрелде) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ)башкы катчысы Кофи Аннан Орусия менен Улуттар Уюму ортосундагы кызматташтык маселелерин талкууга алуу максатында үч күндүк ырасмий сапар менен Москвага келди.

Орусияда өткөн жумада башталган эларалык сүйлөшүүлөр дале уланууда. Буга чейин Москвага Германия канцлери Герхард Шрөдер менен Франциянын президенти Жак Ширак келип, кетишкен. Эми үч күнгө созулуучу ырасмий сапар менен Орусияга Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан келди.

6-апрелге чейин Улуттар Уюмунун башкы катчысы орус мамлекетинин президенти Владимир Путин, өкмөт жетекчиси Михаил Фрадков, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Мамдуманын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрмөкчү.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, «сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Бириккен Улуттар Уюмунун жана Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин негизинде тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн ишмердүүлүгүн укуктук жактан бышыктоо маселесине бурулмакчы». Тараптар дүйнөнүн ар кайсыл региондорундагы машакаттуу жагдайларды чечүүдө Улуттар Уюмунун бейпилдик орнотуучу күчтөрүнүн жардамын колдонууга байланыштуу суроолорду талкууга алышат.

Улуттар Уюмунун эларалык конфликттерди чечүүдөгү башка уюмдарда жок өзгөчө ролу жана мыйзамдуу укугу тууралуу өткөн айда анын баш катчысы Кофи Аннан төмөнкүлөрдү билдирген:

- Дүйнөнүн бир катар мамлекеттери согуштан кийинки Иракта тынчтыкты орнотуу ишинде Улуттар Уюмунун жардамы жогору мааниге ээ экендигин таанышты.

Согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү маселеси бул жолу да орус жетекчилиги менен өтүүчү сүйлөшүүлөрдө козголмокчу. Владимир Путин бул иште аталган уюмдун аракеттерин колдой тургандыгы маалым. Өткөн жуманын этегинде Франциянын президенти менен болгон жолугушууда Путин буга чейин бир канча ирет кайталаган эларалык коопсуздук нормаларын аткаруу маселесине дагы бир жолу кайрылды:

- Орусия мындан ары да өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бүт аракетин жумшайт, бирок бул иште эларалык коопсуздук нормаларын сактоону биринчи орунга койобуз. Биз башкаларды да ушул тартипти бузбоого чакырабыз.

Бүгүндөн тарта Кофи Аннандын ырасмий сапары башталмакчы. Жогоруда айтылган проблемалардан сырткары, сүйлөшүүлөр учурунда Косоводогу жагдайдын курчушу, НАТОго жаңы мүчөлөрдүн катталышы жана Европа Биримдигинин кеңейишине байланышкан маселелер талкууга алынмакчы.

Андан сырткары, Орусиядагы сапары учурунда Кофи Аннан Улуттар Уюмунун эларалык моделинин ачылыш аземине катышуусу күтүлөт. Быйыл 15чи жолу өткөрүлүүчү аталган иш-чарада дүйнөлүк коомчулуктун кудум реалдуу уюмунун жыйыны өткөрүлүп, анда Орусиянын ар кайсыл бурчтарынан жана башка мамлекеттерден келишкен мектеп окуучулары жана студенттер түрдүү орчундуу маселелер боюнча талкуу жүргүзүшөт.

XS
SM
MD
LG