Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:36

ИРАКТАГЫ КООГАЛАҢДА ДЭЭРЛИК 90 КИШИ НАБЫТ БОЛДУ


Америка Кошмо Штаттары үч айга жетпеген убакта Ирактагы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүүгө тийиш. Бирок экс-президент Саддам Хусейн кармалганына төрт айга аяк басып баратса да, Ирак тынчыбай койду - апта соңунда Ирактын бир нече шаарларында оккупациялык аскерлер радикал шийит молдонун колдоочулары менен кагылышып, 90 чакты киши набыт болду. Америкалык сенаторлор Иракка эгемендикти кайтаруунун мөөнөтүн узартууну сунуш этип жатышат.

Буштун администрациясы Иракка эгемендигин 30-июнга чейин өткөрүп берүүгө тийиш. АКШнын ынтымакташтары да, Вашингтондун Ирактагы санаалаштары да бул ишти создуктурбоону талап кылышууда. Бирок ушул жекшембиде америкалык сенаторлор бул мөөнөттү узартууга туура келиши мүмкүн экендигин эскертишти.

Сенаттын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Ричард Лугар Ирактын бир катар шаарларында коопсуздук кырдаалы өтө чалкеш экендигин, полиция күчтөрү тартип сактоону өз колуна алууга даяр эместигин эскертти. Сенатор Лугар Буш администрациясынын 30-июндан кийин Ирактагы америкалыктардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ийисине жеткириле иштелип чыккан планы жок деген кыяста сүйлөдү. Ошол эле убакта ал 30-июндан кийинки болжолдуу мөөнөттү атаган жок.

Сенатор Жозеф Байден да Лугардын сөзүнө кошулуп, Буш администрациясынын пост-оккупациялык пландарынан күмөн санап жаткандыгын ачыктады. "Ирак күчтөрү даяр болгончо, бир нече ай эмес, бир нече жыл өтөт. Бийликти, айрыкча коопсуздукту камсыздоону азыр эле ирактыктарга өткөрүп берип салсак, Иракта ички согуш тутанып кетиши мүмкүн", - деди Байден.

Сенаторлордун бейпайын түшүнүү кыйын эмес. Өткөн шаршембиде уу-дуу түшкөн сүрмө топ төрт америкалык атуулду өрттөп, сөөгүн Фаллужа шаарынын көчөлөрүндө өйдө-төмөн сүйрөп мазакташты. Жекшембиде Анбар вилайетинде эки америкалык аскер окко кабылып, АКШ армиясынын Ирактагы жоготууларынын саны туура 600гө жетти. Ушул эле күнү Ирактын бир нече шаарында Моктада ас-Садр деген шийит молдонун миңдеген колдоочуларынын ири демонстрациялары болду.

Бир нече жерде демонстранттар коалициялык аскерлер менен кагылышып, көптөгөн кишилер өмүрүнөн ажырады. Нажаф шаарында шийиттер испан аскерлери турган база тарапты көздөй бет алганда ок атылып, 20 ирактык, 1 америкалык, бир салвадордук аскер ажал тапты. Вашингтон дайындаган администратор Пол Бремер кан төгүүнү айыптаган билдирүү жасады:

- Нажафта сүрмө топ чектен чыгып, тополоң башталды. Буга коалиция да, Ирактын эли да чыдабайт, Ирактын коопсуздук күчтөрү да муну карап тура албайт.

Моктада ас-Садрды колдогон Абдул Хади ад-Дарайи деген шейх коалициялык күчтөр демонстранттарга ок ачып, коогалаңды биринчи башташты деп билдирди:

– (Кошмо Штаттар баштаган коалициялык аскерлер) биздин талаптарыбызга жооп беришкен жок, ошондуктан Сайид Моктада ас-Садр демонстрацияны токтотууга буйруду. Бизди теңине албаган өлкөлөр алгач демонстрацияны тынч өткөрүп жатасыңар деп далыбыздан тапташат, бир мүнөттөн кийин Фирдоус аянтында жана Нажафта демонстранттарга ок ачышты.

Кечээ (жекшембиде) америкалык аскерлер түндүктөгү Киркук шаарында демонстрацияга байкоо салып турушкан эле. Бир жанкечти машинасын жардырып жибергенде, эки америкалык аскер менен катар, беш ирактык атуул жарадар болду. Бул күнү Иракта 90 чакты кишинин жаны кыйылды.

Ал эми бүгүн эртең менен Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында радикалдар өкмөттүк имаратты басып алышты. Баягы эле Моктада ас-Садрдын колдоочулары шаар администрациясынын кеңсесинин чатырына чыгып алып, "Моктада жашасын!, Америка жоголсун!" деп ураан чакырышты.

XS
SM
MD
LG