Радикал шииттердин лидери Моктада Садрдын тарапкерлери Британиянын аскерлери көзөмөл кылып турган Басра шаардык бийлигинин имаратын алышты. Болжол менен 150дөй куралчан адам ал имараттын төбөсүнө чыгып, жашыл желек илишти. Анан алар Кошмо Штаттарды жектеген, өз лидери Моктада Садрды колдогон ураандарды ташташты.
“Франс пресс” агенттигинин маалыматына караганда, Моктада Садрдын тарапкерлери өз талаптарын кат жүзүндө Британ бийликтерине тапшырды. Анда Моктада Садрдын “ал-Хавза” гезитин кайра ачууну жана Моктанын жолдоочусу Абдула Мажида ал-Хоэяны камактан бошотууну талап кылышкан.
Моктада Садр – радикал шииттердин лидери. Айрым маалыматтарга караганда, ал болгону 30 гана жашта. Бирок жаштыгына карабай, Иракта чоң кадыр-барк топтоого жетишкен. Ал өзүнүн антиамерикалык ойлору жана чакырыктары менен көптөгөн ирактыктардын жүрөгүн багынткан. Ал чыгарган “ал-Хавза” гезити 28-мартта америкалык бийлик тарабынан “зордук-зомбулукка чакырык жасап жатат” делип, жабылган болчу.
Ирактагы убактылуу администрациянын башчысы Пол Бремер 5-апрелде Моктада Садрдын ишмердигин мыйзамсыз деп баалады:
- Ал Ирактагы мыйзамдуу бийликке жана коалицияга баш ийбеген өз алдынча бийлик жүргүзүүнү каалап жатат. Биз – буга жол бербейбиз! Мен муну кечээ да айткам.
Ошол эле маалда 5-апрелде Багдаддын Аш Шула районунда Американын тик учактары Моктада Садрдын тарапкерлерине каршы ок атты.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Сами Алкожо окуяны өз көзү менен көрүп, ага күбө болгон:
– Адамдар тик учакты аткылашты. Кармаштын натыйжасында эки же үч кишинин каза тапканын жана бир нече адамдын жаракат алганын көрдүм. Кандуу кагылышуу Моктаданын жактоочулары менен америкалыктардын ортосунда жүрдүю
Сами Алкожонун айтымында, Моктаданын тарапкерлери өтө жакшы куралданышкан.
Ошентип акыркы күндөрдөгү кагылышуулардын натыйжасында бери дегенде ирактык 20, коалициянын 9 аскери каза тапты.
5-апрелде Кошмо Штаттардын күчтөрү Эл-Фаллуджа шаарын курчоого алышты. Өткөн аптада ал жерде америкалык төрт аскер мыкаачылык менен өлтүрүлгөн болчу.