Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

ПРЕЗИДЕНТ БУШТУН УЛУТТУК КООПСУЗДУК САЯСАТЫ КАНДАЙ БОЛГОН?


Өткөн эки жуманын ичинде президент Жорж Буштун жардамчылары 11-сентябрь террордук чабуулдарын иликтеп жаткан көз карандысыз комиссиянын суроолоруна жооп берди. Алар терроризм менен күрөш азыркы администрациянын дайыма артыкчылык берген саясаты болуп келгенин баса белгилешти. Бирок аналитиктердин ырастоосунда, маалыматтар Ак үй террорго каршы күрөштү эмес, ракетадан коргонуу системасын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу маселе катары белгилегенин далилдөөдө.

Жакында президент Буштун мурдагы жардамчысы Ричард Кларк “Бардык душмандарга каршы” деп аталган китебин чыгарган. Анда Кларк президент Буш Саддам Хусейнди кулатуу амалын издөө менен алек болуп, “ал-Каида” туудурган коркунучка жетиштүү көңүл бурбай койгон деп баяндайт. Кларк 10 жыл бою Ак үйдүн терроризм боюнча эксперти болуп иштеп келген. Ал мындан бир жыл илгери, өзүнүн сөзү менен айтканда, “азыркы администрация “ал-Каидан” олуттуу коркунуч катары кабыл албагандыгы үчүн” кызматынан чегинген.

Мындан эки айдай мурда АКШнын каржы министри Пол О`Нил “терроризмге каршы согуш башталаардан мурда эле Буш Саддамды кулатуу жолдорун издеп жүргөн” деген сөздөрү үчүн кызматынан айдалган эле.
Буш жөнүндөгү китептин автору Боб Вудворд дагы президент өзү ага “ал-Каиданын” ана башы Усама Бин Ладенди кармоону шашылыш иш катары баалабай турганын айтканын баяндаган.

Өткөн бейшемби күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы Скотт Маклеллан Вудворддун сөздөрүн мындайча комментариялады:

- Терроризмдин коркунучу бир эле адамга барып такалбайт. “Ал-Каида” жок кылуу үчүн чечкиндүү чара көрүшүбүз абзел болчу. “Ал-Каида” жана терроризм менен күрөшүүнү азыркы администрация бийликке келе электе эле өзүнүн номур биринчи иш-чарасы катары белгилеген. Терроризм коркунучун биз олуттуу катары кабыл алганбыз. 11-сентябрда террористтер АКШга согуш жарыялашты. Биз да аларга чыныгы согуш менен жооп кайтардык.

Бирок анын айткандары Буштун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райстын чабуулдар ишке ашырылган күнкүгө даярдалган кайрылуусунун мазмунуна карама каршы келүүдө. Райстын доклады, албетте, белгилүү себептерден улам жасалбай калган. Кайрылууда Буш администрациясы улуттук коопсуздуктун өзөгү катары баллистикалык ракетадан коргонуу системасын өнүктүрүүнү атаган. Террористтик топтор болсо ошол контекстте гана, курал сатып алган кардарлар катары эле сыпатталган.

Байкоочулардын айрымдары Буш чындап эле президенттикке келгенден тарта өлкөнүн ракетадан коргонуу системасын өнүктүрүүгө артыкчылык берип келгенин белгилешет. Россия жана Кытай мындай чаралар кансыз согуш доору менен кошо аяктаган жарыша куралдануу жараянын кайра жандантат деген сын пикирин да билдиришкен. Бирок Буш аны Россия же Кытай эмес, Ирак менен Түндүк Корея өңдүү “ишенимсиз” мамлекеттер тынчсыздандырып жатканын айткан.

АКШнын мурдагы вице-президенти Ал Гордун коопсуздук боюнча жардамчысы Леон Фуэрт Буш администрациясы башынан эле Ирак жана ракетадан коргонуу маселелелерине артыкчылык берип, эми болсо терроризмге каршы күрөш анын биринчи орундагы максаты болгон деп коомчулукту ишендиргиси келет деген ойдо:

- Маалыматтар далилдегендей, азыркы администрация 11-сентябрга чейин башка нерселерге көбүрөөк көңүл буруп келген. Иш жүзүндө, эми элге өз максаттарын чындыктан башкача кылып бурмалап көрсөтүү аракетине күбө болуудабыз.

Вашингтондук аналитик Марина Оттавэй да далилдер Буш администрациясынын азыркы айткандарына каршы келээрин айтат:

- Ошол эле мезгилде президент терроризм маселесине көбүрөөк көңүл бурса да, 11-сентябрь чабуулдарын болтурбай коюу мүмкүн болот эле деп айтууга болбойт.

11-сентябрь боюнча америкалык көз карандысыз коммиссиянын толук баяндамасы 26-июлда даяр болот деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG