Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:08

ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРООДО


Сапар Орозбаков, Прага Дүйнөлүк банктын адистеринин бүтүмүнө караганда, бай өлкөлөр каражатты жетиштүү бөлбөгөндүктөн жакыр өлкөлөрдүн алгачкы билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча "Жалпыга билим берүүнү өлкүндөтүүнүн демилгеси” аттуу программа үзгүлтүккө учурап жатат.

Бул тууралуу жакында лондондук “Файнэншл таймс” гезити жазып чыкты. Гезиттин маалымдашынча, 28-мартта донор өлкөлөр бул маселе жөнүндө АКШ өкмөтүнүн төрагалыгы астында Вашингтондо жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу жабык эшик астында өттү. Гезит программанын саясат маселелери боюнча кеңешчиси Макс Лосондун сын пикирине шилтеме берди. Анын айтымында, “эл алдында “билим берүүгө каржы бербейбиз” деп ачык айтуунун ордуна, АКШ донорлордун жолугушуусун жабык эшик астында өткөрдү.

Программа “Жалпыга билим берүүнү өнүктүрүү демилгеси” деп аталып, билим берүү боюнча жакшы стратегиясы бар, бирок аны ишке ашырууга каражаты жок жакыр өлкөлөргө жардам берүүнү көздөйт. Ага Дүйнөлүк банк жана Эларалык валюта кору менен макулдашкан жакырчылыкты кыскартуу тууралуу программалары бар гана өлкөлөр киргизилет.

Программада билим берүүнү өркүндөтүүнүн стратегиясы камтылышы зарыл. Программанын негизин - кедей өлкөлөрдүн өнүгүүсү үчүн, ачарчылыкка, жакырчылыкка жана СПИДге каршы күрөшүүгө караганда, мектептерде алгачкы билим берүүнү өркүндөтүү алда канча пайдалуу деген идея түзөт.

Программанын биринчи этабына Албания, Эфиопия, Никарагуа жана Вьетнам өңдүү саналуу өлкөлөр киргизилген. Дүйнөлүк банк ага Индияны, Пакистанды жана Нигерияны да киргизүүнү көздөйт. Бирок программа, Дүйнөлүк банктын маалымдашынча, каражаттын жетишсиздигинен аксап жатат. “Программага жылына бөлүнүп турчу каражаттын көлөмү өтө эле төмөн болуп, ал да айрым учурда түшпөй да калып жатат. Бул шартта өлкөлөрдүн билим берүү системасына дем бергидей орто мөөнөттөгү план түзүү мүмкүн эмес болуп жатат” дейт Дүйнөлүк банктын эксперттери.

Дүйнөлүк банк “программанын тагдырын донор өлкөлөрдүн министрлери чечиши керек” деп эсептейт. Ал программаны ишке ашыруу үчүн жакыр өлкөлөр өздөрү бөлүп жаткан каржыдан тышкары, бай өлкөлөр кошкон каражаттын көлөмүн азыркы 1 млрд. доллардан 3,7 млрд. долларга жеткирүү зарыл экендигин баса белгилейт.
XS
SM
MD
LG