Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Жогорку сот Аксы окуясы боюнча ишти кароону жума күнгө которду


БИШКЕК. Бүгүн өлкөнүн Жогорку соту Аксы окуясында жабырлангандардын апелляциялык арызын карай баштап, бирок алардын тергөө иши менен тааныш эместигине байланыштуу ишти кароону жума күнгө которду. Жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков ишти кароодо төрагалык кылып жаткан Жогорку соттун төрагасынын орун басары Жеңиш Досматовго кайрылып, Майлуусуу жана Ош шаарларындагы сот жараяндары учурунда жабырлануучуларга тергөө иши менен таанышууга мүмкүндүк берилбегенин айтып, таанышып чыгууга эки күн сурады. Бул өтүнүч сот тарабынан канааттандырылды.

Шейшембиде башталган сот жараянына жабырлануучулар жана алардын 40тан ашуун колдоочулары менен катар айыпталуучулар жана алардын колдоочулары да катышты. Эки тараптын ортосунда кайым айтышуулар орун алды.

XS
SM
MD
LG