Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

ИРАК: МУКТАДА ас-САДР ДЕГЕН КИМ ӨЗҮ?


Иракта жекшемби күндөн бери күч алып жаткан айкаштар шиит диниятчысы Муктада ас-Садрдын ысмын алдыңкы планга чыгарды. Акыркы күндөрдөгү кагылышууларда, соңку маалыматтар боюнча, ирактык 46 жана коалициялык күчтөрдүн 9 жоокери набыт болду. Ас-Садрдын тарапкерлери Басра шаардык өкмөтүн басып алышты. Жаш динаятчыны Ирактагы америкалык администрациянын башчысы Пол Брэмер “мыйзамды бузду” деп жарыялады. Бу кооганын артында турган Муктада ас-Садр деген ким өзү?

Багдаддын атрабында жана Ирактын ар кайсы бөлүктөрдүндө коалициялык күчтөр менен жергиликтүү элдин ортосунда кагылышуулар жүрүүдө. Ондогон адамдардын өмүрүнө забын келтирген чатак америкалык администрациянын башчысы Пол Брэмер 28-мартта “ал-Хавза” гезитин жабууну буйруп, ас-Садрдын жакын жардамчыларынын бири Мустафа Якуби камакка алынгандан кийин башталды.

Гезит элди “чет элдик баскынчыларга каршы” тукурганы үчүн убактылуу жабылса, Якуби былтыр бейажал набыт болгон диниятчы Абдула Мажид ал-Хоэянын өлүмүнө тийиштиги бар деп айыпталууда.
Брэмер ошондой эле Муктада ас-Садрды мыйзамга каршы аракеттенди деп күнөөлөдү:

-Ас-Садр ирактык күчтөргө жана коалициялык аскерлерге чабуул жасоого чакырды жана ал кечээ күнкү коалициялык жана ирактык аскерлердин өлүмү менен коштолгон калабаны жетектеди.

Жашы 30дан эми ашкан Моктада - анын атасы Улуу аятолла Мухаммад ас-Садр 1999-жылы жардыруудан өлгөндөн кийин, шииттер үчүн Саддамдын режимине каршы күрөштүн туусуна айланган.

Британиядагы Эксетер университетинин талдоочусу Ларби Садики кенже ас-Садрды шииттер арасындагы нааразылыкты чебер пайдаланган популист деп санайт. Илимпоздун сөзүнчө, ас-Садрды ирактык шиитердин санжыргалуу диниятчысы Улуу аятолла Али ас-Систаниге салыштырып болбойт:

- Ас-Садрдын таянган күчү жана колдоочуларынын саны чамалуу эле. Ас-Систани Ирак үчүн Ирандын мурдакы көсөмү Хомейни сындуу теңдешсиз зор инсан.

Садики непада ас-Систани элди көтөрүлүшкө үндөсө, Ирактагы кырдаал азыркыдан жаман болмок деп кооптонот:

- Менин оюмча, ас-Систанинин бир эле сөзү жагдайды аңтарып-теңшерип, өлкөнү түтүн басмак. Мындан мен шек санабайм. Ас-Систани капсы элди ачык күрөшкө же башийбөөчүлүккө буйруса, менин оюмча, чыныгы айкаш, накта уруш ошондо болот.

Анткен менен АКШ башындагы күчтөр өлкөгө басып киргенге чейин аты белгисиз аc-Садрды жетээрлик баалабай коюу да жаңылыштык болот деп санайт талдоочу:

-Ас-Садр билимдүү уламалардын үй-бүлөсүнөн чыккан. Алардын уруусу - таянган күчү. Уруусу кубаттуу экени талашсыз.

Атасы негиздеген соопкерчилик уюмдары азыр кенже уул Моктада аc-Саддрдын башкаруусунда. Ал өткөн жылы Ирактагы ыймансыздыкка жана “чет элдик идеологияга” каршы күрөшүү үчүн өз согушчандарын түзгөн. “The Wall Street Journal” гезитинин жазышынча, “Мехдинин лашкерлери” деп аталган бу армиянын катарында бери дегенде 3 миң желдет бар. Алар уруштун алгачкы күндөрүнөн тартып эле Багдаддын четиндеги шииттер жашаган жарды маалелердин көчөлөрүн күзөтүп, жарды-жакырларга азык-түлүк бөлүштүрүп бере баштаган. Мурда Саддам-сити деп аталган Багдаддын ныптасындагы райондун Садр-сити деп аталып калганы кокустук эмес.

Батыштык байкоочулардын боолгошунча, саясый тажрыйбасы ченелүү, бирок, дымагы күчтүү аc-Садр жетектеген антиамерикалык диниятчылар АКШлык күчтөргө каршы согуш ачса, Буштун администрациясынын 30-июнда өлкөдөгү бийликти ирактыктарга өткөрүп берүү планы ойрон болушу ыктымал.

Ирактагы катаал кырдаалга карабай, дүйшөмбү күнү президент Буш өз мерчеминен кайтпасын билдирди:

- Биздин 30-июнда бийликти өткөрүп берээрибизге мен ишенем. Биз ошол күн үчүн иштөөдөбүз.

XS
SM
MD
LG