Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

АРМЯН ОППОЗИЦИЯСЫ ПРЕЗИДЕНТ КОЧАРЯНДЫ БИЙЛИКТЕН КЕТИРҮҮНҮ КӨЗДӨП ЖАТАТ


Арменияда өкмөт менен оппозиция ортосундагы тирешүү күчөп баратат. Кечээ оппозициядагы эки негизги саясий топ президент Роберт Кочарянды бийликтен кетирүү аракеттерин уланта беришээрин билдиришти. Андан мурун Кочарянга каршы өткөрүлгөн демонстрацияга байланыштуу оппозициянын кээ бир активисттери камакка алынган эле.

“Адилеттик” партиясынын лидери Степан Демирчян оппозициянын тарапкерлерине кайрылып, 9-апрелде Ереванда президент Кочарянга каршы массалык демонстрация өткөрүүгө үндөдү. Анын ырастоосунда, бул акция анти-өкмөттүк жалпы улуттук нааразылык чараларынын башталышы болуп калмакчы.

“Адилеттик” партиясы жана анын шериктери армян мамлекет башчысын бийликти энчилеп алгандыгы үчүн айыптап келатат.

Талаштын өзөгүн былтыркы президенттик жана парламенттик шайлоонун жыйынтыктары түзүүдө. Оппозиция Кочарян жана анын жактоочулары шайлоонун санактарын бурмалаган деп, президентке ишеним көрсөтүү маселесин жалпы улуттук добуш берүүгө коюуну талап кылып келатышат. Өкмөт болсо мындай билдирүүлөр чындыкка төп келбей турганын ырастоодо.

Шейшембиде бийликтеги коалицияга кирген Армениянын революциялык федерациясынын (“Дашнакцутюн”) лидери оппозиция президенттин легитимдүүлүгү жөнүндөгү маселени көтөрүүдөн баш тартса, анда “Адилеттик” партиясына Улуттук коопсуздук кеңешинен орун берилиши ыктымал деп билдирди. “Ачык тирешүүнү болтурбоонун жолу – бул диалог”, - деп айтылат кайрылууда.

Бирок Демирчян мындай сунушту четке кагып, баштапкы демилгесинен тайбай турганын белгиледи:

- Оппозиция мүчөлөрү камакка алынып жаткан кезде баарлашуу жөнүндө сөз кылуу мүмкүнбү? Абакка салуу - хунтанын ыкмасы. Чыныгы диалогду кааласаңар президентке ишеним көрсөтүү боюнча улуттук референдум өткөрүлүшү керек. Ошондой добуш берүүгө жол ача турган алымча-кошумчаны Конституцияга киргизүү мүмкүн.

Өткөн жумада Армениянын башпрокуратурасы “Адилеттик” партиясы менен анын ынтымакташтарына каршы кылмыш ишин козгоду. Аларга уркусатсыз митинг өткөрүп, бийликти күч менен алмаштыруу чакырыктарын жасашкан деген айып тагылууда.

6-апрелде милициянын өкүлү Нерзес Назарян оппозициянын 40ка жакын мүчөсү кармалганын билдирди.

Башкаруудагы коалиция күч органдарынын мындай чараларын актап чыкты. Шейшембиде “Дашнакцутюн” партиясынын төрагасы Вахан Хованесян ”ар кандай кагылыштар үчүн курал-жарак ташыган адамдарды камакка алууга бийлик акылуу” деген ойун айтты.

Ошол эле күнү оппозициянын активисттери Еревандын көчөлөрүнө чыгып, президент Кочаряндын кызматтан чегинүүсүн жана референдум өткөрүүнү талап кылышты.

XS
SM
MD
LG