Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН ТӨРАГАСЫ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ


Бүгүн (7-апрелде) президент Аскар Акаев менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси жолугушуп, пикир алышты. Бир сааттын тегерегинде жүргөн сүйлөшүүнүн соңунда эки тарап билдирүү менен чыгышты.

Соломон Пасси менен президент Аскар Акаевдин жолугушуусуна тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана президенттик администрациянын эларалык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аликбек Жекшенкулов да катышты.

Сүйлөшүүнүн соңунда президент жана төрага маалымат каражаттарына билдирүү жасады. Адегенде президент Аскар Акаев сөз алып, Кыргызстан ЕККУнун делегациясына чоң маани берээрин, эки тараптын ортосунда тыгыз жана жемиштүү кызматташуу орун алганын белгилеп, cүйлөшүүдө бул маселелер талкууланганын билдирди:

- Биз эларалык терроризм, маңзаттарын ташуу, мыйзамсыз курал соодалоого каршы күрөшүү жана адам укуктарын коргоону бекемдөө, демократияны тереңдетүү, келээрки жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоо маселесин талкуулап, алар боюнча орток пикирге келдик. Биз ЕККУ менен пикирибиз дайыма ушундай бир жерден чыкканына ыраазыбыз.

Президент өз сөзүндө ички иштер министрлигин реформалоо боюнча ЕККУнун долбоорун жогору баалады. Мамлекет башчы ЕККУ академиясы ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.

Андан кийин сөз алган Соломон Пасси Кыргызстан улуттар аралык ынтымакты сактоодо ийгиликке жетишкенин белгилеп, буларга токтолду:

- Мен өлкөнүн президентин жана өкмөтүн демократиялык реформалардагы жетишкендиктери менен куттуктаймын. Ошондой эле Кыргызстанды сот жана тартип коргоо органдарын реформалоодогу ийгиликтери, өлүм жазасына тартууга мораторий киргизүү жана андай акыркы чара көрүүнүн себептеринин кыскартылышы менен да куттуктайм.

Ал сапарынын дагы бир максаты Кыргызстан менен Болгариянын ортосундагы мурунку мамилелерди калыбына келтирүү экенин маалымдап, билим берүү тармактары аркылуу кызматташуу андай ниетти турмушка ашырууга жол ачаарын белгиледи.

Соломон Пасси түштөн кийин Жогорку Кеңештин төрагалары Абдыганы Эркебаев жана Алтай Бөрүбаев баш болгон бир катар депутаттар менен жолугушту. Мыйзам чыгаруу жыйынындагы жолугушууда төрага Абдыганы Эркебаев кыргыз парламенти ЕККУ менен жемиштүү кызматташып келатканын белгилеп, Болгариянын парламенти менен ал жетектеген палата кызматташтык байланышты түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

«Келээрки жылдагы президенттик жана парламенттик шайлоону адилет жана акыйкат өткөрүүгө ЕККУ кандай салым кошот? Бул багытта Соломон Пасси жолугушууларда кандай оюн айтты, президент Аскар Акаев шайлоого дагы бир ирет катышуусу жөнүндө сөз болдубу?» деген суроо менен өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматовго кайрылдык эле. Анын жообу мындай болду:

- Соломон Пасси ЕККУ эмки жылкы шайлоону өткөрүүгө колдон келген бардык жардамын берээрин билдирди. Биз өз кезегинде «Шайлоо» кодексине өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ЕККУга ыраазычылык билдирдик. Биз келечектеги шайлоо эркин жана акыйкат өтүшү үчүн ЕККУ менен кызматташаарыбызды айттык. Ал эми азыркы президенттин шайлоого катышуу-катышпасы жөнүндө сөз болгон жок.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG