Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Кыргызстан Ооганстанды калыбына келтирүүгө кантип жардам бере алат?


БИШКЕК. Кыргызстан Ооганстан менен кызматташууга жана бул өлкөнү калыбына келтирүүгө көмөктөшкөн эларалык уюмдар менен иш алып барууга кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов 31-марттан 1-апрелге чейин Германияда Ооганстан маселелерине арналган эларалык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө билдирген. Ошондой эле Аскар Айтматов Кыргызстанда жогорку билимдүү дарыгерлер, куруучулар, инженерлер, мугалимдер жана аскердик кызматкерлер бар экендигин, зарыл болгон шартта кыргыз жетекчилиги мындай адистерди Ооганстанга жиберүүгө даяр экендигин маалымдаган. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 10-12-май күндөрү Бишкекте Ооганстанды калыбына келтирүү маселелерине арналган эларалык конференция өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG