Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:29

ТЕРРОРЧУ ДЕП АЙЫПТАЛГАНДАР 20 ЖЫЛГА КЕСИЛЕБИ?


7-апрелде террорчу деген шек менен кармалып, айыпталып жаткан атуулдардын үстүнөн жүргүзүлгөн сот жараяны жарыш сөз менен улантылды. Мамлекеттик айыптоочу шек менен кармалгандар 17 жылдан 20 жылдык мөөнөткө күчөтүлгөн режимде жаза өтөөсүн соттон сурады. Ал эми адвокаттар улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кыргызстандык үч, казакстандык бир атуулга антитеррордук коалициянын «Ганси» авиабазасын жардырууга аракеттенген деген айыптын тагылышы, кандайдыр бир кызыкчылыкта жасалма жол менен ачылган, соттук тергөө мыйзам бузуулар менен бир тараптуу жүргүзүлдү деп эсептээрин билдиришти.

Соттолуп жаткандар улуттук коопсуздук кызматы тарабынан террордук акт жасоого аракеттенген деген шек менен кармалып, айыпталышууда. Аларга антитеррордук коалициянын «Ганси» атындагы авиабазасын жардыруу үчүн Иран, Пакистан мамлекеттерине барып, экстремисттик жашыруун кыймылдарга катышып, ок атууну жана жардыргыч заттарды пайдаланууну үйрөнүшкөн деп айыпталууда.

Мындай айыпка кириптер болгон кыргызстандык үч, казакстандык бир атуулдун үстүнөн жүргүзүлгөн сот жараяны Бишкек шаарындагы Ленин райондук соттун төрагасы Канатбек Турганбековдун жетекчилигинде каралууда. Шаршемби күнкү сот жараяны жыйынтыктоочу жарыш сөз менен башталды.

Адегенде мамлекеттик айыптоочу катары катышып жаткан, Ленин райондук прокуратурасынын өкүлү Татти Исмаилова сүйлөдү. Ал террорчу деген шек менен кармалган атуулдар улуттук коопсуздук кызматынын тергөө органдарынын койгон күнөөсү боюнча айыпталууга жатат деди. Мамлекеттик айыптоочу соттолуучулардын: «Улуттук коопсуздук кызматынын жертөлөсүндө кыйноо амалдары колдонулган, зомбулукка чыдабай мойцнга алганбыз» деген соттук териштирүүдөгү көрсөтмөлөрүн негизсиз деген. Ал коңшу мамлекеттерде болуп жаткан жардыруу окуяларын мисал кылып, соттолуучулардын динге болгон ишеними кандайдыр бир вахабизм, экстремисттик көз караштары бар дегенге негиз болот деди. Буларды 15 жылдан 20 жылга чейин күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кесүү менен үй-мүлкүн конфискациялануусун соттон сурады.

- Шек менен кармалган кыргызстандык үч атуул Пакистан, Иран мамлекеттерине барып келишкенин жашырбайт, - деди Татти Исмаилова. - Өздөрү мойнуна алып жатышат. Тимур аттуу жигит менен дават кылганы алыскы ислам мамлекеттерине барышканын тергөөдө да, сотто да билдиришкен. Тимурдун каражаты менен барышканы анык. Тергөөдө такталбаган Тимур аттуу жигит менен такай мамиледе жүрүшкөнү, динге берилип, мечиттерге каттаганы, экстремисттик вахабизм менен байланышы бар деп шектесе болот.

Андан кийин адвокаттар Айнабек Качкынбаев жана Бабырбек Жээнбеков акыркы сөздөрүн айтууга чыгышты.

- Бул иш боюнча өтө маанилүү деген жагдайларды тактоо үчүн келтирген бир нече өтүнүчтөрү сотко төрагалык кылуучу четке каккандан улам сот жараяны бир тараптуу жүргүзүлдү,-дейт адвокат Айнабек Качкынбаев. - Ага биринчи сотко төрагалык кылуучу Таалайбек Саатовдун карап жаткан ишин, соттолуучулардан сурабай туруп Канатбек Турганбековдун өз колуна алып алышы мыйзамсыз. Анткенге улуттук коопсуздук кызматы тарабынан сот ишине жасалган кысым болду деп карайбыз. Тергөө убагында кыйноо колдонулгандыгын тактоо иретинде күбөлөрдү жана УККнын оперативдүү кызматкерлерин чакыруу өтүнүчү сот төрагасы тарабынан аткарылган жок. Моюнга айыптар кандайча жол менен коюлганы жабык боюнча калды. Мамлекеттик айыптоочунун коңшу мамлекеттериндеги кандуу окуяны мисал келтириши өз атуулдарына тартип коргоо органдарынын туура эмес мамилесинен кабар берет.

Адвокат Бабырбек Жээнбеков шек менен кармалгандарды УККнын тергөө органы бир ай бою эч бир жакка кабарлабастан, жашыруун камакта кармап турганы да мыйзамсыз деди.

Адвокаттар террорчу делип айыпталгандардын жасаган кылмыштары боюнча далилдүү фактылар тергөө ишине тиркелбегенине шилтеме жасап, актоо чечими болот деген акыркы ишенимдерин айтышты. Жарыш сөз 8-мартта улантылмак болду.

XS
SM
MD
LG