"Атуулдук коом коррупцияга каршы" бейөкмөт уюму уюштурган жыйынга Кыргызстанда 1980-жылдардын аягы - 1990-жылдардын башында башталган алгачкы демократиялык жараяндарга жигердүү катышып, өлкөдө демократиянын пайдубалын тургузууга барандуу салымын кошкон адамдар катышты. 1989-жылы түзүлгөн “Ашар” коомунун алгачкы мүчөлөрүнөн болгон Рахиля Жусупова ошол мезгилде жаштардын толкуп чыгышына алардын турак-жай маселесинин чечилбей келгендиги башкы себеп болгондугун айтты:
- Биз ошол жылдары толкуп чыккан жаштар, өзүбүздүн идеябызды өзүбүздүн колубуз менен иш жүзүнө ашырдык деп айтсак болот. Өзүбүздүн эркибиз, мекенчилдик патриоттук сезимибиз, демибиз менен. Себеби Кыргызстандын ар кайсы облустарынан Бишкекке келген жаштар борбор калааны маданий жана маалыматтык борбор деп, ушул жерде калып, иштөөгө нийет кылганбыз. Бирок бизди көпчүлүк туура түшүнгөн жок. Булар жапайы, баскынчылар деп мүнөздөшкөн. Мындай маалыматтар “Правда”, “Известия” гезиттерине да жарыяланган. Атүгүл шаардын тургундары да биздин кадамды сындашып, бизге карата терс көз карашта болуп, өгөйлөп эле туруп алышты. Бирок биз ага кайышкан жокпуз. Биз бош жаткан жерлерди ээледик.
Жыйындын катышуучулары ошол жылдары жаштардын мындай демилгелерин кыргыз интеллигенциясынын негизги бөлүгү, алардын ичинде Түгөлбай Сыдыкбеков, Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев, Роза Отунбава жана башкалар колдоп чыгышкандыгын да белгилешти. Алар ошондой эле жаштардын Апсамат Масалиев башында турган бийлик өкүлдөрүнө койгон талаптары жөнүндө кыргыз телекөрсөтүүсүнөн калкка маалымдалып тургандыгы жөнүндө да айтып өтүштү. Бул жөнүндө Кыргызстан демократиялык кыймылынын алгачкы жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев мындай пикирин айтты:
- Биз коммунисттик режимди аябай катуу сындап, түз эфирге чыгып, сүйлөчүбүз. Бизге эч ким тыйуу салган эмес. Мен кийин депутат болуп беш жыл иштедим, бирок КТРден бир да жолу сүйлөгөнүмдү берген жок.
Жыпар Жекшеев ошондой эле КДК, “Ашар” өлкөдө “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышына да чоң таасирин көрсөткөндүгү жөнүндө айта кетти.
Ал эми “Ашар” коомун уюштургандардын бири Жумагазы Садыр уулу коом тарабынан 1991-жылы 12 күн “Өмүр көчү” жөө жүрүшү уюштурулганына токтолду:
- Биздин кыймыл 1989-жылдан берки ишин азыр деле улантып жатат деп эсептейм. Анткени жер алуу азыр деле уланып жатат. Кыргыз элинин шаарлашуусу уланып келет. Биз ошондой эле 1991-жылы 12 күн Бишкектен Караколго чейин барып, 1916-жылда курман болгон ата-бабаларыбыздын арбактарына куран окутканбыз. Ага чеийн кыргыз эли аларга куран окутууга жарай элек болчу.
Жумагазы Садыр уулу белгилегендей, үй куруучулар тарабынан 1992-жылы алгачкы жолу өзүн өзү башкаруу комитеттери да түзүлө баштаган. Ал эми жергиликтүү өзүн өзүн башкаруу институту демократиянын башкы принциптеринин бири болуп эсептелет.
КДКнын мүчөлөрү бул уюм 1990-жылы Ошто болгон кайгылуу окуяларды тынчтык жолу менен жөнгө салууга да таасирдүү салым кошконун белгилешти.
Жумагазы Садыр уулу азыр Кыргызстанда демократия оор абалда турат деген пикирин да билдирди:
- Кыргызстандагы демократия азыр оор сыноого учурап жатат. Азыр ошол 1990-жылдардан артка чегинип кеттик. Бийлик элди укпай калды, элибиздин да көздөгөн максаты, деңгээли, дээри ошол демократиялык жараяндарды колдоп кете албай жатабы деген пикирдемин.
“Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова өлкөдө атуулдук коомду өнүктүрүүгө, атуулдардын атуулдук позицияларын активдештирүү багытында биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи:
- Биз биригип, “Ашар” коомунун тажрыйбасын алып, чогуу иштегенди үйрөнбөсөк, элибиз ушундай жакырчылыкта жана акыйкатсыз шайлоо менен жүрө берет. Атуулду күчтөнткөн сезим болуш керек, мен атуулмун деген. Ошону сиздер таркатпасаңыздар эл дагы көп жылдар бою жакырчылыктан чыга албайт
Жыпар Жекшеев “Ашар” коомунун, Кыргызстан демократиялык кыймылынын алгачкы активисттерин кайрадан жигердүү иштөөгө чакырды:
- Биз кайрадан жанданып иштешибиз керек. Сиздердин баарыңыздарды коом жакшы билет. Көроокат менен алек болбой, активдүү атуулдук позицияны ээлеп, өлкөдөгү саясий жараяндарга катышуубуз зарыл ,- деди Жыпар Жекшеев.