Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

КЫРГЫЗДАРДА ИЛИМ КАНДАЙ ЖОЛ МЕНЕН ӨНҮГӨТ?


Батыш өлкөлөрүндө илимий изилдөөлөр негизинен университеттерде жүргүзүлөт. Кыргызстанда илим кандай жол менен өнүгүүгө алат?

Азыркы Кыргызстандын илимий изилдөө багыты өз маалында Совет өлкөсү тарабынан аныкталган. Советтер Союзунун илим программасына ылайык, билим берүүнү университет жана институттар алып барып, ал эми илимий изилдөө багыты илим академияларында топтолгон.

Асыреcе Кыргызстан мындай багыттан сыртта калган эмес. Өлкөдө Илим академиясы ачылып, анда аздыр-көптүр илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, илимпоз адистер даярдалып келген. Кыргызстан эгемендик алып, базар экономикасы артыкчылык ала баштагандан кийин салттуу жагдай батыш өлкөлөрүнүн үстүндө шекилди. Анткени батышта башынан эле илимий изилдөө ишин университеттер алып барат.

Кыргызстандын илимий изилдөө багыты кандай жол менен өнүгүш керек деген суроо менен илимпоз Калык Ибраимовго кайрылдык:

- Бизде эски советтик сиситеманын калдыктары да болуп атат. Экинчи жагынан дүйнөлүк стандартка өтүү аракеттери да болууда. Эгер дүйнөнүн баары бир стандарт менен кетип атса, каалайсыңбы, каалабайсыңбы ошол жакка акыры биз да өтүшүбүз керек. Бирок чындап келгенде советтик билим берүүнүн, академиялык илим системасынын көп артыкчылыктары болгон. Батыштын өздөрүнүн интеллектуалдык чөйрөсүндө моюндарына алып, бийик баа берип жүрүшчү. Бирок тилекке каршы анын баарын жоготуп атабыз. Акыры дүйнөлүк коомчулук кайсы жол менен баратса ошол жакка өтүшүбүз керек.

Ушул эле маселе боюнча таанымал экономист Жусуп Пиримбаевдин пикирин угуп көрсөк:

- Билим академиясынын дараметин бүгүнкү күндө акырындык менен университеттеги билимдер менен интеграция жасап, ошолорду дымактуу-дараметтүү университетке акырындык менен көчүрүшүбүз керек. Ошондон кийин университеттеги билим, илим системасын батыштагы бүгүнкү күндүн талабына жооп берип аткан окуу системасына акырындык менен которушубуз керек.

Жусуп Пиримбаев Кыргызстан буга чейин топтолгон илим тажрыйбасын туура пайдаланып, илим академиясын да сактап калып, ошол эле убакта илимий изилдөө программасын жогорку окуу жайлары да жүргүзсө деген ойдо.
XS
SM
MD
LG