Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

ДЕПУТАТТЫН ЖООБУ, КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯСЫ, БООМ КАПЧЫГАЙЫНДАГЫ ӨРТ


Президент А.Акаев парламенттин кош палатасына кайрылып, мыйзам кабыл алуу жаатындагы өксүктөр тууралуу кеп кылган. Ага жооп кылып парламент мүчөлөрү атайын жыйын өткөрүшкөн. Президенттин сынына депутат Дооронбек Садырбаев жооп берди. Кыргыз басылмалары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасынын Кыргызстандагы иш сапары жөнүндө кеңири маалыматтарды жарыялашты.

Боом капчыгайында кыйла мээнет менен өстүрүлгөн бак-дарак өрттөлүп, “Ысыккөл” биосфералык коругуна олуттуу зыян келтирилгенин бейшемби күнкү “Вечерний Бишкек” гезити жазды.

Басылмада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы Саломон Пассинин Кыргызстанга иш сапары тууралуу маалымат жарыяланган.

Ушул эле темага “МСН” гезитинин бейшембидеги санында Рина Приживойт кайрылды. Автордун пикиринде, жыл сайын алмашылып турчу ЕККУ төрагаларынын Кыргызстанга кыска мөөнөт иш сапары бийлик ээлерине сылык-сыпаа мактоо айтуу менен чектелүүдө. Европалык ишмерлерди Кыргызстан демократиясы чечекейин чеч кылып, абал коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу дурус экени мактоого алынып келет. Андайда республикадагы адам укугунун бузулушуна көңүл деле бурулбай калат.

Президент А.Акаевдин парламент иши тууралуу пикири негизинен туура эле экенин, бирок да сын конкрет болбой калганына “МСН” гезитинде жарыяланган маегинде Дооронбек Садырбаев токтолгон. Анын ырасташынча, Мыйзам чыгаруу жыйынынын 60 депутатынын ашып барса 15ин азыркы бийликке тартынбай сын айткандар түзөт.

“Жашырбай эле айтып коеюн: бизде кабыл алынып аткан мыйзамдар элдин, мамлекеттин турмушун жакшыртууга, демократия кадырын көтөрүүгө же экономиканы жандандырууга багытталбайт. Биздин президент биринчи күндөн эле кантип бийлигин сактап калуунун амалын ойлоп келатат. Бардык жарлык, мыйзамдар ушул максатка баш ийдирилген”, дейт Дооронбек Садырбаев.

Кыргызстанга иш сапары менен келген Саломон Пасси ЕККУ төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри, кыргыз элинин кымбат досу, кесиби жагынан президент А.Акаевге окшош адам экенин бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити жазды.

Эми кеп кезегин жума күнү жарыкка чыгуучу басылмаларга бурсак. “Аалам” гезитинин башкы редактор орунбасары Нарынкүл Назаралиева:

- “Аалам” гезитинин жума күнкү санында Кенжебек Арыкбаевдин “Эл өкүлдөрү эмне деп ыйлады?” деген макаласы жарыяланууда. “Ашарчылар келишти” деген аталышта Жыпар Жекшеев менен болгон маек басууга даярдалууда. Ошондой эле эт комбинатынын бүтө элек жатаканасынан куулгандар жөнүндө кабарчыбыз Э.Кудашеванын макаласы бар. Жогорку сот Кочкордук фермердин пайдасына талаштуу кашарды чечип бергендиги тууралуу макала да жарыяланууда.


“Кыргыз руху” гезитинин кызматкери Уулкан Токторалиева:

- Гезитибиздин бул санында эт комбинатына караштуу имараттан куулуп чыккандар тууралуу макала басылууда. Бүгүнкү күндөгү энергетика тармагындагы оор көйгөйлөрдү козгогон “Эңшерилген энергетика” деген макалабыз бар. Кочкор районунун Жаңыжол айылынын тургундарынын Жогорку сот төрагасына жазган ачык каты бар. Андан сырткары Ош-Баткен жолун оңдоо иштери, облустагы суу проблемасы тууралуу материалдар жарыяланууда.


“Бишкек таймс” гезитинин жооптуу катчысы Базарбай Гапаров:

- Гезитибиздин жаңы санында Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун билдирүүсү тууралуу кыскача кабар, ошондой эле Ирактагы абалды баяндаган маалымат жарыяланууда. Социалдык темадан “түнкү көпөлөктөрдүн” турмушу тууралуу жазылган макалага орун берилүүдө. Белгилүү журналист Кубан Мамбеталиевдин өзү, үй-бүлөсү тууралуу маеги жарыяланмакчы. Гезитибизде бейиши болгур белгилүү сүрөтчү Абдысалам Абдырахмановду эскерүүгө арналган материал басылууда.
XS
SM
MD
LG