КИЕВ. Украинанын Жогорку Радасы өз отурумунда Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн зарыл болгон 300 добуштун ордуна 294 добуш топтоду. Долбоордун максаты өкмөт менен парламенттин укук-милдеттерин кеңейтип, президенттикин азайтуу болчу. Мындай сунушту коммунисттер партиясынын башчысы Петр Симоненко менен Социал-демократтар партиясынын лидери, президенттик администрациянын башчысы Виктор Медведчук киргизишкен. Парламентте бул күчтөргө “Биздин Украина” блогу баш болгон оппозиция каршы турду. Оппозициянын баамында мындай өзгөртүү Кучманын 2006-жылы президенттик бийликте калышын шарттамак.