Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:01

ЖОГОРКУ ЛИГАДА 10 КОМАНДА ТАЙМАШАТ


Кабыл Макеш, Бишкек шаары Кыргызстандын футбол боюнча быйылкы 13-чемпионатында жогорку лигада 10 команда таймашат. Мурда 12–14 команда ат салышып келсе, былтыр 19 команда түндүк жана түштүк аймактарга бөлүнүп ойногон. Мындан иргелген 8 команда суперлигада чемпиондук үчүн күч сынашкан.

10 жыл мурда атагы катуу чыгып, эки жолу өлкөнүн чемпиондугун жеңип алган «Кант-ойл» дагы тарап , мыкты футболчулары Орусия жана Казакстанда ойноп жүрүшөт. Алардан кийин лидер болгон «АиК» командасы да алыска узабады.

Кыргыз футболунда Кадамжайдын «Металлургу» үмүт жандырганы менен, 2 жылдан кийин анын да дайны чыкпай калды. 3 жыл катары менен өлкө чемпиону болгон Бишкектин «Динамосу» Өмүрбек Кутуев ички иштер министрлигинен кеткенден бери баш көтөрө албай калды.

Бишкектеги абадан коргонуу аскер бөлүгүнүн «СКА ПВО» командасы Кыргызстандын чемпиондугун үч ирет жеңип алган. Карасуунун «Жаштык–Ак алтын» командасы былтыр чемпиондук алтын байгенин ээси болду. Нарындын «Дордой» командасын канчалык күчтүүлөп, жакшы шарт түзүп бербесин 3 жылдан бери экинчи, үчүнчү орунда эле келет.

Ошентип быйылкы чемпионаттын өзгөчөлүктөрү жөнүндө өлкөнүн футбол федерациясынын жогорку лигадагы мелдештерди уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Кадыр Чыныбеков мындай деди:

- Былтыр чемпионатты түндүк жана түштүк аймактарга бөлүп өткөргөн себебиз - каражатты үнөмдөп жана жергиликтүү калк арасында футболдун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөлү дедик. Биринчи айлампада эки аймактан иргелип тандалган, көп упай топтоого жетишкен төрттөн команда экинчи айлампада суперлигада чемпиондук үчүн күч сынашты. Мурда жогорку лигада Ош, Чүй жана Нарын облустарынын гана футболчулары ойноп келсе, былтыр Талас, Ысыккөл, Жалалабад аймактарынан да командалар мөрөй талашууга катышты. Чүйдөн Карабалтанын гана оюнчулары намыс талашып келген болсо, былтыр чемпионатка Сокулуктан да команда кошулган. Бишкектеги «Динамо-Манас» командасына былтыр айтылуу «Шоро» фирмасы демөөрчүлүк кылып, бул командага өз атын берип, колдоого алынып, жакшы ийгиликтерди жарата алышты. Ысыккөлдүн намысын «Көл төр» футбол командасы коргоого аракет кылып, келечегинен үмүткөр кылып койду. Жаш таланттуу балдардан куралган «Олимпия» командасы да жогорку лигада ат салышып, чоңдор менен теңтайлашып, тажырыйба топтой баштады.

Кадыр Чыныбековдун айтымында, быйыл да жаш футболчуларды такшалуу мектебинен өткөрүп, кийинки олимпиадалык иргеп алуу мелдештерине азыртан даярдоону көздөп Кыргызстандын футбол федерациясы колдоого алууда:

- Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн чемпионаттарын өткөрүү тажрыйбасын колдонуп, быйыл жогорку лигада 10 команда 4 айлампа менен күч сынашмакчы.

Кыргызстандын 13-футбол чемпионатында ойноочу Оштун «Алайы», Карасуунун «Жаштык-Ак алтыны», Кочкоратанын «Нефтчи» командалары болсо, түндүк аймагынан Бишкектин «СКА-ПВО», РУОР-Гвардия» жана «Шоро» командалары күч сынашат. Нарын обулусунун намысын «Дордой» командасы коргойт. Аларды белгилүү устат Борис Подкарытов даярдап жатат.

Ошондой эле Чүйдөн Карабалтанын «Жайыл баатыр» жана Канттын "Абдыш ата" командалары да жогорку лигада ойномокчу. Өлкөнүн футбол федерациясынын колдоосу менен жаштардын тандалма командасы дагы мөрөй талашууга катышат. Беттешүүлөр ноябрдын аягына чейин уланмакчы.

Кыргызстандагы футболду өнүктүрүү жана чемпионатты өткөрүү шартын өзгөртүү тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинин төрага орун басары Бообек Кадыркулов өз оюн мындайча билдирди:

-Кыргызстандын биринчилиги туруктуу системага өтүшү керек. Системага түшмөйүн өлкөдө чоң футболдун өсүп-өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Ал эми бүгүнкү күндө кимдин акчасы, шарты болсо ошонун командасы ойнойт. Команданын даярдыгы, чебердиги экинчи планга калып калууда. Регион, обулустардагы футболду көтөрүү керек. Ар бир облус бирден мыкты команда кармамайынча, футболдун өнүгүшү кыйынга турат. Жөндөмдүү жаштар арбын. Аларга шарт түзүлбөгөндүктөн ортодо талантуу балдардын багы ачылбай калууда. Ошондуктан туруктуу системага өтүү зарыл.

Быйылкы чемпионат 17-апрелде башталат. Өлкөнүн жогорку лигасынада ойнош үчүн ар бир команда жыл сайын 1 миллион сомдон ашуун каражат чыгымдайт.
XS
SM
MD
LG