Кондализа Райс “Ал-Каида” террордук иштерди пландаштырып жатканын Вашингтон администрациясы жана чалгындоо мекемелери 2001-жылдын ала жазында эле билгенин тастыктады. Бирок маалыматтардын баары конкреттүү эч кандай танык-тастыгы жок, жалпы жонунан гана жоромол кылган мүнөздө болгон. Аларда негизинен “Ал-Каиданын” Америкадан алыскы аймактарда, же Жакынкы Чыгышта же Африкадагы аракеттерине басым жасалган. Эгер Вашингтондо же Нью-Йоркто кыямат-кыянаттар жасалганы жатканын билдирген маалыматтар болгондо асман-жерди астым-үстүм кылып, баарын тинтип-текшерип чыкмакпыз, деп айтты кеңешчи.
Райстын айтымында, атайын кызматтарга террорчулар самолетторду басып алып, аларды пайдаланышы мүмкүн дегендей маанидеги маалыматтар түшсө керек, бирок алардын баары президент Бушка же анын жакын кеңешчилерине кабарланган эмес.
Өткөн аптада комиссияда көрсөтмө берип, президент администрациясынын мурдагы кызматкери Ричард Кларк Ак үй жалаң Ирак менен арпалышып жатып, ”Ал-Каиданын” коркунучу тууралуу эскертүүлөрдү капарга албай койгон деп айыптаган эле. Буга байланыштуу Райс өкмөт жыйынында Ирак маселеси чын эле талкууланганын, ага Дональд Рамсфелд менен анын орунбасары Пол Вулфовиц демилгечи болгонун, бирок алардын идеяларына президенттин башкы кеңешчилери каршы чыкканын ырастады. Райс мындан тышкары ФБР менен ЦРУнун ортосундагы ич ара атаандаштык, жалпы эле мамлекеттик органдар системасындагы структуралык проблемалар да бул иште олуттуу каскак болгонун моюнга алды.
Иши кылып, 11-сентябрдагы кыянаттарды ооздуктап калгыдай сыйкырдуу курал администрациянын колунда жок болуп чыкты, буга Буштун өкмөтү гана эмес, дегеле соңку 20 жылдан бери Ак үйгө келген бир да администрация жетише албады.
Райстын комиссиядагы көрсөтмөлөрүн телеканалдан көрүп отурган президент Буш өз кеңешчисине купулу толуп, курсант болду. Кеңешчини республикачыл партиянын өкүлдөрү, алардын ичинде сенаторлор Сюзен Коллинс менен Мич Макконнелл да макташты. Белгилүү сенатор Трент Лотт күнөөнүн баарын бир кишиге жүктөй салгысы келип жаткандарды айыптап, алардын аргументтерин Райс омоктуу далилдер менен жокко чыгарды деп билдирди.
Демократтар, арийне, президенттин кеңешчисине комуту толгон жок. Комиссиянын мүчөсү, мурдагы конгрессмен Тимоти Ромер атүгүл Райс коопсуздук иштери боюнча кеңешчилик кызматка кыйла эле чабалдык кылаарын белгилеп, буга далил катары 11-сентябрга чейин ал улуттук коопсуздук кеңешинин эч кандай жыйынын өткөрбөгөндүгүн эске салды. Экс-сенатор Роберт Керри менен Райстын комиссиядагы алым-сабак айтыштары да өтө кычыткылуу болду.
Бейтарап байкоочулар болсо Райс бери эле дегенде Ак үйдүн тапшырмасын азырынча аткарганга жетишти дешет: бери эле дегенде айрым бир кычыктуу маселелерде президент Бушту, анын жакын кеңешчилерин обурлуу айыптардан калкалап кала алды. Ошол эле учурда Райс комиссиянын мүчөлөрүнө, өзгөчө демократтардын өкүлдөрүнө дагы бир илинчек да таап бергендей болду. Атап айтканда, Райс 2001-жылдын 6-августунда президент Бушка жашыруун доклад келип түшкөнүн, ал “Бин Ладен АКШны бутага алганга азырланып жатат” деп аталганын ырастады. Комиссия Ак үйдөн ошол докладды ачыкка чыгарып, анын мазмуну менен коомчулукту тааныштырууну талап кылды.
Комиссиянын жыйындарына көрсөтмө бергени президент Буш жана вице-президент Дик Чейни да чакыртылат. Корутунду бүтүмүн комиссия быйыл августка чукул жарыя кылмакчы.