Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

АКСАРАЙ АЙЛАНАСЫНДАГЫ ОЮНДАР


Чолпон Орозобекова, Бишкек Премьер-министр Николай Танаевдин көзөмөлү менен республикалык административдик-маданий-ишкер борборунун - аксарайдын курулушу башталганы турат. Кыргыз өкмөтүнүн эсеби боюнча бул курулушка башаягы 250 миллион доллар коройт. Премьер-министр буга сырттан инвестиция табабыз деп ишендирсе, айрым саясатчылар ага бул - баягы эле элдин мойнуна артылчу жүк деп ынабай турат.

Бул курулушка Бишкектин четинен 162 гектар жер бөлүнгөн. Анда эң көзгө урунттуусу административдик имарат - аксарай болмокчу. Ага өкмөттүн болжолунда 60 миллион доллар коройт. Мындай имараттын зарылдыгын бир кезде Аскар Акаев дагы айткан. Бирок айрым депутаттардын оюнда мамлекет башчы мынчалык чоң курулушту элестеткен эмес.

Ал эми премьер-министрдин айтымында бул чоң имарат мамлекеттик бийликке кызмат кылат. Анда бир сөз менен айтканда ар кандай эларалык алакалар ишке ашып, сырттан келген мамлекеттик меймандарга сый-урмат көрсөтүлөт.

Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун "Азаттыкка" бул тууралуу айтканы бар. Министрдин айтымында мындай аксарай абдан зарыл, совет убагынан калган имараттардан кээде чет өлкөлүк делегациялар алдында ыңгайсыз болушат. Бул имаратты курганга бюджетте каражат каралган эмес. Кыргыз өкмөтүнүн бул тууралуу чыккан токтомунда бул аксарайды курганга инвестициялык конкурс өткөрүү белгиленген. Бирок 2004- жылдын бюджетинде бул аксарайдын курамына кире турган конок үйлөрдү куруу жагы министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин мойнуна жүктөлгөн.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Баяман Эркинбаев министрликтер акчаны кайдан табат эле, президент менен премьер-министрге жагыныш үчүн бюджеттен эле өөнөшөт деген ойдо.

9-апрелде Николай Танаев аксарайдын курулуш аянтчасында болду. Баарын өз көзү менен көрүп, бул жерде жайгаша турган курулуштун жалпы долбоорун ортого койду. Административдик имараттан сырткары бул жерде мейманкалар, чоң- чоң дүрдүйнө дүкөндөр, эс алуу жайлары, бак-дарак болушу керек. Николай Танаевдин айтымында бул жерде 6000ге чукул жаңы жумуш орду ачылат. Өкмөт башчы ушул 162 гектардын ичинен айрым чет өлкөлүктөргө жана кыргызстандыктарга жер сатылып атыптыр деген сөздү жокко чыгарды. Анын айтымында бул курулуштун долбооруна кошулуп бир нерсе курам деген ишкана же фирма тендерге катышып утуп алса ага жер бөлүнүп берилет.

Ошентип, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары сынга алып аткан аксарайдын курулушунун башталарына да аз калды көрүнөт. Баса, депутаттар баарынан да бул курулушту премьер-министрдин баласы башкараарына нааразы болушкан. Бул боюнча кыргыз өкмөтү түшүндүрмө бергенге караганда, мамлекеттик обьектилерди курганга учурда эки гана ишкананын укугу бар. Анын бири өкмөт башчынын уулу башкарган "Кыргызкурулуш" ишканасы. Кантсе да бул идеяны өкмөт мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы колдоп аткандай.

Республикалык соцфонддун төрагасы Акматбек Келдикбеков, мисалы, өкмөттүн бул демилгасин колдойт. Анын оюнда, башкалаанын көркүн ача турган мындай долбоор турмушка ашышы керек. «Айрым адамдар курулуштун долбоору менен таанышпай туруп эле жок жерден ызы чуу ыгарууда» дейт министр.

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов өзү финансы министри кезинде эле дал ушундай аксарай куруу идеясы көтөрүлгөнүн эскерет. Бирок ошол кездеги финансы министри бул ойго каршы туруп алганынан улам андан ары өнүкпөптүр. Марат Султановдун оюнда Танаев мырзанын кесиби да рол ойноп кетти. «Ар бир өкмөт башчынын өзгөчөлүгү болот эмеспи. Премьер-министр өзү курулушчу да, ошондуктан курулушка маани берип жатат» дейт депутат.

Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Валерий Дил Кыргызстандын азыркы акыбалына мындай аксарай коошпой турганын айтат.

- Чынын айтканда, бул деген мурдагы партиялык жетекчилердин иллюзиясы. Алар ошол бойдон эле ошол дүйнөдө жашап атышат. КМШ мамлекеттеринин жетекчилери менен жолугушуу, кабыл алуу үчүн имарат куралы дешиптир. Албетте алдыга жылыш керек. Бирок азыр андай акча жок бизде. Инвестиция табабыз дейт, ушундай мамлекеттик имаратка ким инвестиция берет экен,- дейт Валерий Дил.

XS
SM
MD
LG