«Хизб ут-Тахрир» партиясынын жактоочулары Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы, Жалалабад, Ташкөмүр аймактарында арбын деген маалыматтар бар. Облустагы жаштар комитетинин төрага орунбасары Алмаз Аманов көмүскө уюмдун таасиринин күчөш себебин үч жагдайдан көрөт:
- Дин окуусунун начардыгы, начар турмуш, адамдардын жеке кызыкчылыгын коргогон лидерлердин элдин башын айландырып, бийликке келүү аракети, жаштардын келечекке ишениминин аздыгы – диний эктстремиздин өнүгүүсүнө себепкер болууда.
Мамлекеттеги коррупциянын күчтүүлүгү менен тартиптин жоктугуна «Иса машаяк» тобунун башчысы Капар нааразы. Ал маселени башка мамлекеттер менен биргелешип чечүү тарабында:
- Элдин жакырчылыгы, мамлекеттик жетекчилердин коррупцияга берилиши жана көзөмөлдүн жоктугу – элди экстремизге түртөт. Жашоо начарлаганда адамдар жеңилдикти кандайдыр бир башка жактардан издеп калышат, "ушул динге кирсем, балким жеңилдик болобу?" дешип. Маселени эл менен бирге мамлекеттик жетекчилер, тартип уюмдары жана башка мамлекеттер менен биргелешип чечүү керек.
Жалалабад университетинин студенти Венера Ызабекованын оюнда элге диндин маани-маңызын түшүндүргөн маалыматтар жетишпейт. Облустук бийликтин дин иштери боюнча кеңешчиси Садырбек Качкынбаевдин көз карашында экстремисттер өлкөнү башкаруудагы катачылыктардан пайдаланып жатышат:
- Көп багыттагы иш керек. Экономика өйдөлөп, жумушсуздук, жакырчылык жоюлса, жашоо-турмуш жакшырып, адилетсиздик, коррупция болбосо – «Хизб ут-Тахрирчилер» таасир көрсөтө алмак эмес. Алар мамлекет жетекчилеринин ушундай катачылыктарынан пайдаланып жатышат.