Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

БАРЫМТАДАГЫ ЖАПАНДЫКТАРДЫН ТАГДЫРЫ БЕЛГИСИЗ


Сапар Орозбаков, Прага Кечээ Катардын “Ал-Жазира” телеканалы “Иракта барымтага алынган жапандык үч атуул бошотулат” деген кабар тараткан. Бүгүн Жапаниянын тышкы иштер министрлиги алар бошотула электигин, алардын тагдыры эмне болгону дагы эле белгисиз экендигин билдирди.

“Ал-Жазира” телеканалы 10-апрелде саат 8де берген маалыматына караганда, барымтачылар мусулман уюмдарынын ассоцациясынын чечимине баш ийип жана жапандыктар согушка түздөн түз катышпаганын эске алып, туткундалгандарды 24 сааттын ичинде бошото турушкандыгын билдиришкен. Аны уккан барымтачылардын туугандары өздөрүнүн сүйүнүчүн жашырышкан жок:

- Биздин үй-бүлөдөгүлөрдүн баары “Ал-жазаранын” акыркы кабарларынан барымтага алынгандар 24 сааттын ичинде бошотулат деген маалыматты укканда жеңилдей түшүштү, - деди барымтага алынган Нахоко Такатонун карындашы Айако Иноу.

Бирок айтылган 24 саат өтүп кетсе да барымтадагылар бошотула элек. Бул тууралуу барымтачыларды бошотуу боюнча штабдын жетекчиси, Жапаниянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Итиро Аисава Амман шаарында өткөргөн пресс-конференциясында билдирди. Анын айтымында, алар кайсы жерде экени дагы эле белгисиз.


Жапандык 3 атуул мындан бир нече күн мурда Ирактагы “Сарая ал-Мужахедин“ аттуу согушчандар тобу тарабынан барымтага алынган болчу. Бейшемби күнү алар “Ал-Жазира” телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн. Ошол күнү көрсөтүлгөн видеотасмада барымтачылар 3 күндүн ичинде Жапаниянын өкмөтү өзүнүн Ирактагы аскерин алып кетпесе, 3 жапандыкты тирүүлөй өрттөй тургандыктарын билдиришкен.

Премьер-министр Коудзими Жапаниянын Ирактагы 550 аскери тынчтык максатта - Иракты калыбына келтирүү иштерине жардам берүү үчүн жүргөндүгүн билдирип, Жапания аскерлерин Ирактан алып кетпей тургандыгын айткан.

3 жапандык жарандын Иракта барымтага алынышы жапандыктарды экиге бөлүп койду. Алардын бир тобу “жапандык аскерлердин Иракка жиберилиши Конституцияга туура келбейт, ал Американын кысымы менен гана жасалып жатат” дешет. Бүгүн 2000дей адам “барымтадагылардын өмүрүн сактап калыш үчүн Жапан өкмөтү тезинен Ирактагы аскерлерин алып келсин” деген талап коюп, парламент жайгашкан имараттын алдына чыгышты.

Жапандыктардын экинчи бөлүгү болсо премьер-министрди колдошуп, “Жапания дүйнөдөгү коопсуздук иштерди чечүүгө катышуусу зарыл, шайлоо алдында премьер олку-солку болбой, бир позицияда турушу керек” деп жатышат.

XS
SM
MD
LG