Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

ЕККУ КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЧКИ ИШТЕР КЫЗМАТЫН КОЛДООГО КУШТАР


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстандын ички иштер министрлигин реформалоого 4 миллион евро бөлгөн. Эларалык уюм мындан тышкары өтө опуртал аймактарда чыр-чатактарды болтурбоо амалында биртоп иш-чараларды өткөрдү. Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо долбоору өткөн жылдын сентябрь айында ишке киргизилип, анын биринчи баскычы ушул жылдын сентябрында аягына чыкмакчы.

Ички иштер министрлигин реформалоо долбоору негизинен 7 багытта ишке ашырылмакчы. Ириде ал тергөө иштеринин сапатын жакшыртуу, баңги жолго бөгөт коюу, сактоо жана куткаруу борборунун ишин мезгил талабына ылайык түзүп чыгуу, оперативдүү маалыматты талдоого алуу системасынын негизин түзүү, кылмыш иликтөө кызматынын радиобайланышын жакшыртуу, жергиликтүү милиция кызматынын ишин илгерилетүү, ички иштер министрлигинин Академиясын колдоого багытталган.

Башында долбоор 8 бөлүккө бөлүнүп, анын ичинде коомдук тартипти бузууга жол бербөө пункту да киргизилген болчу. Ал жүзөгө ашса ички иштер кызматкерлери азыркы заман талабына ылайык жарак-жабдык менен камсыз болмок. Көпчүлүк чогулган сүрмөтопто тартипсиздикке жол бербеш үчүн милиция кызматкерлерине сууаткыч, желим ок, резина таяк, автомат, тапанча берүү маселеси чечилмек.

Ички иштер министрлигин реформалоо аракети ЕККУ тарабынан 2002-жылдын 17-18-марттагы Аксыдагы кайгылуу окуядан кийин башталган. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Маркус Мюллер Аксы окуясын кылдат иликтеп, жагдайды бекем көзөмөлгө алып жатышканын билдирди:

- Аксы тууралуу айта кетейин. Биз бу маанилүү жагдайды жергиликтүү жана улуттук деңгээлде кылдат байкоого алып турабыз. Азырынча укуктук аракеттер токтоло электигинен кандайдыр бир бүтүм чыгаруу кыйын. Биз үчүн эң маанилүүсү, Аксыдагыдай трагедиянын мындан ары кайталанбашына жетишүү. Бул үчүн, билесиздер, үлгүлүү полицей участогун түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Быйыл жыл башында мен өзүм Аксыда болуп, эл менен аңгемелештим. Эмне болгонун элден сурап билдим.

Маркус Мюллер кайгылуу иштин сабагын эске алып, мындан ары аны болтурбоо аракетин жасоо маанилүү деп эсептейт:

- Менин оюмча, бу кайгылуу окуянын арты жакшылык менен бүтүшүн тилеп, аны жакшылыкка жоруш керек. Мындан ары милиция менен биргелешип иштөө зарыл. Жарандык коом бул маселеге кийлигишип, иш жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы чыгат го деп ойлойм.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандын ички иштер министрлигин реформалоо долбоорунун 6-пункту, тактап айтканда, коомдук тартипти бузууга жол бербөө аракети жарандык коом өкүлдөрүнүн катаң сынына туш болду. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, Кыргызстан сындуу өткөөл мезгил өлкөсүнүн милиция кызматкерлеринин колуна караламан калктын демин алеки саатта басар техникалык жабдыктарды берип коюу опуртал жумуш:

- Бүгүнкү мезгилде, ошол парламенттик, президенттик шайлоодон кийин Карабуурадагы шайлоо чатагынан, Аксы трагедиясынан соң биз - укук коргоочулар, каршы экендигибизди билдирдик. Эларалык укук коргоо уюмдарына кайрылдык.

Ушу тапта Кыргызстандын ички иштер министрлиги олуттуу реформаны башынан кечирүүдө. Аксы окуясынан кийин калк арасындагы кадырын кетирип алган күч министрлигинин атын өзгөртүү, милицияны “полиция” деп атоо тууралуу сунуштар да айтылууда.

XS
SM
MD
LG