Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

ЖОГОРКУ СОТТО АКСЫ ОКУЯСЫ КАРАЛДЫ, КӨМҮР КЕНИ КАНДАЙ МЕНЧИКТЕШТИРИЛГЕН?


Кабыл Макеш, Бишкек шаары 13-апрелде жарык көргөн “Агым” басылмасында өлкөнүн премьер-министри Николай Танаевдин парламентте сынга алынышы жөнүндөгү макала жарыяланса, ал эми “Аалам” басылмасы мындан 2 жыл мурда болгон Аксы окуясы боюнча Жогорку соттогу кароо тууралуу Аида Надырбекованын макаласына орун берди. 13-апрелдеги “Дил ордосу” басылмасы президент Аскар Акаев жана анын командасы жөнүндө баяндайт.

13-апрелде жарык көргөн “Агым” басылмасында саясат жаңылыктарына кеңири орун берилди. Премьер- министр Николай Танаевдин ишке ашпай калган отставкасы тууралуу макала жарыяланды. Ушул басылмада дагы кандай макалаларга орун берилгендиги тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- Гезитибиздин биринчи, экинчи беттеринде адаттагыдай эле саясатка арналган жаңылыктарга орун бердик. Мындай маанайдагы макалаларды «Насыйкат», «Селкинчек» , «Ат жалында» сыяктуу рубрикаларынан окуй аласыздар. Жогорку сотто Аксы окуясы каралып жатпайбы, андан уюштурулган макала да жарыяланды. Швейцарияда өткөн эларалык кино фестиваль тууралуу Жамбы Жусубалиева кеңири баяндайт. «Камбаркан» фольклордук этнографиялык ансамблинин жетекчиси, дирижер Эсенгул Жумабаевдин сүрөт көргөзмөсү тууралуу дагы материалдар бар.

Ошондой эле шейшембиде жарык көргөн “Аалам” басылмасында окурмандардан келген каттарга орун берилди. «Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу басылманын жооптуу редактору Нарынкүл Назаралиева мындай дейт:

- Мындан 2 жыл мурда болгон Аксы окуясы боюнча Жогорку сотто иш каралып жатат. Мына ушул сот ишинин жүрүшүнөн кабарчыбыз Аида Надырбекова репортаж уюштурган. Ал эми Бишкектеги 270- маршруттун айдоочулары, алардан улуксат сурабай эле башка багытка которуп жибергенине нааразычылык билдиришкен. Алардын көйгөйлөрү менен кабарчыбыз Үсөнбек Дайырбеков таанышып, макала жазган. «Мекендин чегинде жаш жоокер» деген макалада азыркы жазгы аскерге чакырылуу боюнча кеп болот. Жогорку кеңештин эл өкүлдөр жыйынынан даярдалган Кенжебек Арыкбаевдин макаласы дагы басылды.

13-апрелдеги “Дил ордосу” басылмасы Сокулук районундагы “Рассвет” чарбасындагы акция талашуулар жана жетекчилердин жеп-ичүүлөрү тууралуу макала жарыяланды. “Дил ордосунда” дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгени тууралуу басылманын кабарчысы Айдар Козуев буларды айтып берди:

- Акчанын айынан адам коркутуп, пара алып жаткан жеринен кармалган финансы кызматкеринин жоругун жарыяладык. «Бүгүнкү бийлик сересинде же президент Аскар Акаев жана анын жан-жөкөрлөрү» деген сандан-санга кетип жаткан макалалардын түрмөгүндө, бүгүн өлкөнүн ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болот. Анда Бакирдин мырза министр болуп келгени өлкөдө жалдап киши өлтүрүү фактысы көп болуп жаткандыгы жөнүндө кеп жүрөт. Экономикалык анализдеги макалада бүгүнкү күндөгү өлкөнүн көмүр кенинин абалы, бул тармакты өнүктүрүүгө берилген кредиттер кандай максаттарга жумшалганы, көмүр кени кандайча бөлүштүрүлүп, менчиктештирилгени тууралуу баяндаган экономист Малик Абакировдун макаласы жарыяланды.
XS
SM
MD
LG