Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

АПРЕЛДЕ АРБЫН ИШ БОЛОБУ?


Шайлоо округдарында иштеп келгенден кийин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары пленардык отурумун 12-апрелде башташты. Сессия башталышынын алдында депутаттар жер-жерлердеги элдин көйгөйлөрүн палатадагы президенттин жана өкмөттүн өкүлдөрүнө кабарлашты. Андан кийин «Бажы» кодексинин жаңы редакциясын кароого киришти.

Пленардык отурумдун башында депутаттар бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрдү. Маселен, депутат Алымбай Султанов өлкөдө жалдап киши өлтүрүүлөр күчөгөнүн, ишемби күнү милициянын мурунку бир полковниги атылып өлтүрүлгөнүн, жыл башынан бери 10чу адам ушундай өлүмгө туш болгонун кабарлап, ички иштер министрлигин сынга алып, бул маселени коопсуздук кеңеште кароону сунуштады.

Ал эми депутат Исмаил Исаков айыл жерлерде электр энергиясын жапырт өчүрүү уланып жатканын кабарлады.

Депутат Жангороз Каниметов Ысыккөл облусунда эл картошканын килограммын бир сомго да сата албай отурганын, өкмөттүн дыйкандардын продукциясын сатууда жардам бербегенин сынга алып буларга токтолду:

- Таласта төө буурчакты, Ошто пахта, тамекини, Чүйдө кызылчаны сата албай дыйкандар кыйналууда. Иштеген элге шарт түзүп бергенге мүмкүнчүлүк барбы? Кыргыз өкмөтү барбы өзү? Бул маселе боюнча өкмөттүн маалыматын уксак.

Депутаттар бул сунушту колдоп, өкмөттүн катышуусу менен аны талкуулоону бир добуштан жактырды. Андан кийин депутаттар апрель айынын күн тартибине киргизилген маселелерди тактоого киришти. Анын жүрүшүндө депутат Ишенбай Кадырбеков өкмөттүн «Маданий-ишкер-административдик борборду» - аксарайды куруу аракетин палатада талкуулап көрүүнү сунуштаса, депутат Азимбек Бекназаров президенттин катышуусу менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын ишмердүүлүгүн талкуулону сунуштады. Эки депутаттын мындай сунушу палатада колдоо тапты.

Бекназаровдун айтымында, президент Аскар Акаевдин Жогорку Кеңешке жана элге 31-марттагы кайрылуусунда парламент дарегине сын айтуусу анын ушундай сунуш менен чыгуусуна себеп болду. Президенттин палатадагы өкүлү Муратбек Укушев мамлекет башчысынын кайрылуусун талкуулоо Конституцияда каралбаганын маалымдаганда, ага карата депутат Өмүрбек Текебаев мындай жооп берди:

- Президенттин жыл сайын элге жана парламентке кайрылууга укугу бар. Аны эч ким талкуулабайт жана ал боюнча чечим кабыл албайт. Биз президенттин мына ошондой Конституциялык укугу менен айтылган кайрылуусун талкуулайлы деген жерибиз жок. Андай кайрылуу былтыр декабрь айында болгон. Ал эми бул мартта болгон кайрылуусу башкача кайрылуу. Анда биздин ишке абдан начар баа берилиптир. Ошого байланыштуу президентти чакырып, түзмө-түз отуруп кеңешкенибиз оң болот.

Андан кийин депутаттар палатанын апрель айында карай турган маселелеринин күн тартибин бекитти. Ага ылайык бул айда Мыйзам чыгаруу жыйыны 60тан ашуун маселе карайт. Анын ичинде экономикалык, социалдык багыттагы мыйзам долбоорлору бар.

Дүйшөмбү күнү депутаттар экономикалык багыттагы мыйзам долбоорлоорун кароону, тактап айтканда «Бажы» кодексинин жаңы редакциясын беренелер боюнча кабыл алууну баштады. Эгемендүүлүк алгандан берки бул үчүнчү «Бажы» кодекси. Алгачкы кодекс 1992-жылы кабыл алынып, 1997-жылга чейин иштеген. Андан кийин кабыл алынган «Бажы» кодексинин варианты азыркы кезде иштеп жатат.

Депутаттар апрель айында андан сырткары акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун отчетун угушуп, «Нарынгидрокурулуш» ишканасынын 31% акциясынын мыйзамсыз сатылыш фактысын карашат.

Палата бул айда эларалык 8 келишимди ратификациялаш керек. Анын ичинде орус аскердик базасынын Кант аба майданында жайгашуусунун шарты тууралуу Россия менен кол коюлган макулдашуу да бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG