Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Иракта иштеген чет элдиктер көп уурдала баштады


Бириккен улуттар уюму Иракта акыркы күндөрү болгон адам уурулукту сындады жана эларалык мекемелердин барымтадагы “бардык кызматчыларын” бошотууну талап кылды.

БУУнун Ирактагы чабарманы Росс Моунтайндын сөзүнчө, гуманитардык уюмдардын кызматчылары эркин жүрүшү шарт жана соопчулук иштерин аткарып жүргөн адамдарды барымтага алуу эларалык мыйзамды бузуу болуп саналат.

Кечээ күнү Катардын “ал-Жазира” телеканалы Орусия энергокомпаниясынын 11 кызматчысы Багдаддагы кагылышуу мезгилинде уурдалганын билдирди.
Чехтердин үч журналисти уурдалганын Чехиянын маалымат каражаттары кечээ кабарлашты.
Кытай өкмөттүк Синхуа агенттиги Иракта уурдалган кытайлык 7 азамат бошотулганын маалымдады. Көз карандысыз булактар бу кабарды тастыкташа элек.
АКШ армиясынын генералы Рикардо Санчестин билдиришинче, Багдаддын батышындагы “Сунни үч бурчтугунда” эки күн мурда уурдалган Американын “Halliburton” мунай-газ шаркетинин жети жумушчусу жана эки америкалык жоокердин тагдыры белгисиз калууда.
Жапониялык дипломаттар өткөн аптада уурдалган жапониялык үч жаранды бошотуу аракетин жасашууда. Согушчандар Жапония өз аскерлерин Ирактан чыгарып кетпесе, барымтадагы жапондор өлтүрүлөт деп эскертишкендиктен алардын өлүү-тирүүсү беймаалым.

XS
SM
MD
LG