Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

ИРАКТЫН БАШКАРУУ КЕҢЕШИ АКШ АРМИЯСЫНА НААРАЗЫ


Ирактын Фаллужа шаарындагы коалициянын чабуулдарынан жүздөгөн кишилер апаат болду. Ошондон кийин Ирактын Башкаруу Кеңешинин айрым мүчөлөрү АКШ армиясын катуу сынга алышууда. Алар өткөн айдагы төрт америкалыктын өлүмү үчүн өч алуу операциясы чектен чыгып, кызыл кыргынга айланып кеткенин айтышууда. Америкалык өкүлдөр мындай дооматтарды четке кагып, карапайым элдин арасындагы өлүмдү азайтуу үчүн бардык аракетти жасап жатабыз дешет.

31-мартта Фаллужада радикалдар америкалык төрт кызматкерди өлтүрүп, денесин барчалап салышкан эле. АКШнын армиясы буга жооп кылып, шаарды курчоого алып, танк, тикучма, согуштук учактардын жардамы менен чабуулга өтүшкөн. Бир нече күнгө созулган согуштан канча киши кырылганы так эмес. Бирок Фаллужадагы дарыгерлердин кабар агенттиктерине билдиргенине караганда, 600 чакты шаар тургуну, анын ичинде карапайым кишилер курман болду. Курчоонун мезгилинде ошондой эле эки миңдей киши жараат алган.

Фаллужада иштеген Рафа ал-Исаави деген дарыгердин жардамчысы Бассам Абдел Кадер америкалык аскерлер шаарды туш келди бомбалады деп доомат койду:

- Жапа чеккендер көп, анткени америкалык бомбалар карапайым элдин үйлөрүнө түшүп жатты. Туш келди аткылоодон көптөгөн жаш балдар жана карылар өлдү.

АКШнын Фаллужадагы операциясы АКШ дайындаган Башкаруу Кеңешин да кыжаалат кылды. Өткөн аптада Кеңеш ок атышууну дароо токтотуп, кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга чакырган билдирүү кабыл алган. Ал эми Башкаруу Кеңешинин сунни мүчөсү Гази ал-Явер Фаллужада бейкуттукту коалиция тынчтык жол менен калыбына келтирбесе, кызматтан кетээрин жарыялады.

Айрым кабарларга караганда, Кеңештин башка мүчөлөрү да Вашингтон менен кызматташуудан баш тартып, же отставкага кетебиз деп эскертишти. Махмуд Осман – улуту күрт, Кеңештин көз карандысыз мүчөсү. Биздин радионун Багдаддагы кабарчысы менен маегинде Осман төрт америкалыктын өлүмү үчүн бүтүндөй шаар жазаланып жаткандыгын белгиледи:

– Шаарга каршы күч, бардык куралды колдонгондо этиет болуш мүмкүн эмес. Кимге каршы күч колдонуп жатканыңды билбейсиң. Террористтер, ошол эле Муктада ас-Садыр молдонун кишилери, АКШга каршы согушуп жаткандар элдин арасында жүрүшөт. Алар эрме чөлдө же тоо-ташта жүрүшкөн жок да.

Османдын сөзү боюнча, америкалыктар алгач карапайым элге шаардан чыгып кетүүгө мүмкүндүк берип, ошондон кийин чабуул жасап, киши өлтүргөндөрдү издеши керек болчу. Бирок шаар тургундары бир нече күнгө созулган салгылаштан кийин гана шаардан кетүүгө мүмкүндүк алышты. Ага чейин алар бомбалоого, танк, замбиректен аткылоого дуушар болушту.

Кошмо Штаттары мындай дооматтарды четке кагууда. АКШнын Ирактагы күчтөрүнүн командачысы генерал Жонн Абизаид буларды билдирди:

- Биз Фаллужада көзөмөлдү калыбына келтирүү аракети менен чабуул баштаганбыз, катуу каршылыкка туш болдук. Бизди кайдан атып жатышканын биз жакшы билебиз, тийиштүү мерчемде согуштук күчтү ошого жараша колдонуп жатабыз. Аймактагы согушка тийешеси жоктордун жарадар болушуна жол бербөө үчүн биз бул күчтү өтө сактык, этияттик менен колдонуп жатабыз.

Жекшембиде Британияда чыгуучу "Дейли телеграф" гезитиндеги маегинде толук атын атоону каалабаган Ирактагы жогорку даражалуу британ офицери Кошмо Штаттарын Фаллужада ашыкча күч колдонуп жатат деп күнөөлөдү. Ал тикучмадан шаарды аткылоого Британ аскерлерине эч качан уруксат берилмек эмес деди.

XS
SM
MD
LG