Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

КМШнын ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫНЫН ЖОЛУГУШУУСУ КЫРГЫЗСТАНДА ӨТӨТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 16-апрелде Чолпоната шаарында КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары кеңешинин кезектеги отуруму өтмөкчү. Отурумдун алкагында эки тараптуу жолугушуулар да болот.

Тышкы иштер министринин жаңыдан дайындалган орун басары Эркин Мамкуловдун айтымында, отурумга Орусия, Казакстан, Белорусия, Молдова, Тажикстан, Украина, Грузия, Армениянын премьер-минстрлери, Азербайжан, Өзбекстандын өкмөт башчыларынын орун басарлары жана Түрменстандын президентинин аппаратынын КМШ өлкөлөрү боюнча иш алып барган өкүлү катышат.

Жыйында тогуз маселе каралат. Анын арасында өз ара таранспорт каттамын жеңилдетүү боюнча келишимдин долбоору, шериктештикке кирген өлкөлөрдүн биргелешип абадан коргонуу системасын каржылоого мүчөлүк акы төлөө, эларалык «Мир» телерадио компаниясынын башчысынын отчету, жыйынга төрагалык кылуу маселесин кезектешип өткөрүп алуу маселеси жана табигат кырсыгынан жапа чеккен өлкөгө жардам берүү максатында атайын фонд түзүү маселеси бар. Мындай фондду түзүүнүн зарылчылыгы тууралуу Эркин Мамкулов буларга токтолду:

- Белгилей кетүүчү нерсе, мындай фонд түзүү демилгеси Кыргызстан тарабынан көтөрүлдү. Анткени соңку мезгилдери биздин өлкөдө бир катар табигат кырсыктары болду. Ушундай эле көрүнүш башка өлкөлөрдө да жок деп айтууга болбойт. Келечекте кайсыл өлкөдө күтүүсүз кырдаал түзүлсө андай абалдан биргелишип чыгуу үчүн ушундай фонд түзүү зарыл. Чынында мындай фонд түзүүгө шериктештикке кирген башка өлкөлөр кызыкдар. Ал эми мындай фонд табигат кырсыгынан жабыркаган өлкөгө учурунда жардам берип, ал өлкөнүн оор абалдан тез аранын ичинде чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Эркин Мамкуловдун айтымында, бул жолку отурумда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Молдовага өткөрүлүп берилет. Жыйын соңунда өкмөт башчыларды президент Аскар Акаев кабыл алат. Мындан сырткары отурумдун алкагында өкмөт башчы Николай Танаев Орусия, Казакстан, Украина, Белорусия жана Грузиянын премьер-министрлери менен жолугушат. Жолугушуу учурунда кандай маселер карала тургандыгы тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Эркин Мамкулов буларды айтып берди:

- Биздин өкмөт башчы менен Орусиянын өкмөт башчысынын жолугушуусунда өткөн жылдын октябрь айында Бишкекте өткөн Кыргызстан-Орусия форумундагы жетишилген макулдашууларды турмушка ашыруу, аскердик-техникалык жана ушул жылы Бишкекте өткөрүлө турган кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму жана башка маселелер талкууланышы күтүлүүдө. Ошондой эле ушул жылы Бишкекте Белорус-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссия отуруму өткөрүлөөрү каралууда. Жолугушууда ошол комиссиянын күн тартиби, Белорусия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык маселелер, тагыраак айтканда, Белорусиядан тракторлорду алуу, Кыргызстандан өндүрүлгөн тамекини Белорусияга сатуу маселеси талууланат. Ал эми Казакстандын өкмөт башчысы менен Н.Танаевдин жолугушуусунда президент Аскар Акевдин декабрь айында Астанага болгон иш сапары учурунда жетишилген макулдашуу, келишимдердин аткарышы талкууланат.

XS
SM
MD
LG