Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

ФЕЛИКС КУЛОВДУ ЖАКТООЧУЛАРДЫН АКЦИЯСЫ КҮЧ МЕНЕН ТАРКАТЫЛДЫ


Аманбек Жапаров, Кабыл Макешов, Бишкек Бүгүн Бишкектин Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде Феликс Куловду колдоо максатында жөө жүрүшкө чыгууга чогулган 30дан ашуун адамды Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын милициясы күч менен таратты. Нааразылык иш-чарасына чыккандар кийин сот жообуна тартылышты.

Бүгүн эртең мененки саат 9да Бишкектин Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде “Саясий туткун Феликс Куловду бошотуу боюнча республикалык штабдын” уюштуруусу менен абактагы Феликс Куловду колдоо максатында өткөрүлүүчү жөө жүрүшкө чыгууга 30дан ашуун тарапкерлери чогулду. Куловду абактан бошотууну, соттун калыс чечим чыгарышын талап кылган чакырыктарды кармап, жөө жүрүштүн максаты тууралуу пикирлерин билдире баштаганда 2 автобус менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 40тан ашуун милиция кызматкерлери келип калышты. Алар чогулган адамдарды өз каалоосу менен тарап кетишин талап кылышты. Милиция үн күчөткүч менен:

- Көңүл бургула! Силер мыйзамсыз митинг уюштуруп жатасыңар. Коомдук тартипти бузбай тарап кетиңиздер! - деп милициянын подполковниги буйрук бере сүйлөдү.

Укук коргоочу Турсунбек Акун “жөө жүрүш” эч кандай мыйзамга каршы келбестигин билдиргенде 5-6 милиция Турсунбек Акунду колдон-буттан алып, жол жээгиндеги автобуска алып барып салышты. Анын артынан Феликс Куловдун бир тууган эжеси, 70 жаштагы Жумагүл Кулованы, иниси Диас Куловду, укук коргоочулар Азиза Абдурасулованы, Төлөйкан Исмаилованы, баш-аягы болуп 18 адамды милиция кызматкерлери күчтөп автобуска салды. Аларды 1-май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барып камашты.

Бул окуяга байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин мындай деди:

- Биз мыйзамдын чегинде иш алып бардык. Кечээ прокуратура, бийлик өкүлдөрү “Арнамыс” партиясынын жетекчилери менен сүйлөшүп, жөө жүрүшүңөрдү мыйзамдын чегинде башка күнү уюштургула, Жаңыжерге барганыңарга автоунаа берелик деген сунуштарыбызды айтканбыз. Бүгүнкү жөө жүрүшкө чыгууңар мыйзамга жатпайт деп эскерттик. Анан бул жыйынды уюштурган жетекчилери чийинден чыгып баратканда милиция кызматкерлери мыйзам чегинде он чактысын кармап, автобус менен райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетти. Ал жерден тийешелүү документтерди топтоп, мыйзамга ылайык административдик чара колдонобуз. - деди Кеңешбек Дүйшөбаев.

Ал эми саат онго чукулдап калганда Феликс Куловдун 40тан ашуун колдоочулары келип милиция кызматкерлеринин мындай кылыгына нааразылыктарын билдиришти. Талас облусунун Карабуура районунан келген 77 жаштагы Жапар Бекбердиев:

- Ушул жерден бир нече балдарды милициялар күчкө салып алып кетти. Мындай бийликке биз ыраазы эмеспиз. Эл ыраазы эмес. Биздин мамлекетте чындык жок экенине бүгүн өзүм күбө болгондон кийин ишендим. Чындык жок, - деди.

Анын сөзүн Карабуурадан келген жердеши 70 жаштагы Какан Алымкулова коштоду:

- Биз Карабуурадан атайын Феликс Куловду колдоо үчүн өз каражатыбызга келгенбиз. Бизди эч ким тукурган жок. Биз өлкөдөгү мыйзамсыздыкка каршыбыз. Акаевдин мезгилинде ушундай кылабы. Карагылачы милициялар омуроолоп, автобуска кап салгандай эле жүктөп салышпадыбы, - деди Какан Алымкулова.

Милиция кызматкерлери күчтөп салып кеткен атуулдардын акыбалын билмекке Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Дүйшөнкул Чотонов жана Фридом Хауз уюмунун өкүлү Стюарт Кан барышты. Алар 1-май райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси менен жолугушту. Депутаттардын кийлигишүүсү менен “Арнамыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев, КДКнын жетекчиси Виктор Черноморец, Феликс Куловдун эжеси Жумагүл Кулова убактылуу камоодон бошотулду. Калган 15 адамга административдик айып тагылып, иштери сотко ашырыла турган болду. Депутат Өмүрбек Текебаевдин пикиринде:

-Биз тараптан коомчулуктун жана эларалык коомчулуктун пикирине кайрылуу гана калат. Бизде мыйзам аныктаган тартиптер аткарылбай жатат, -деди Өмүрбек Текебаев

Депутаттар менен Фридом Хауз уюмунун өкүлү кеткенден кийин жарым сааттан кийин “Арнамыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев жана КДКнын жетекчиси Виктор Черноморец милиция бөлүмүнөн бошотулду. Эмил Алиевдин пикиринде:

- Биз бүгүн эртең менен “Назаралиевдин борборунун” жанында чогулуп жатканбыз. Жаңыжердеги колонияга барууга бийлик сунуш кылган автоунааны күтүп турганбыз, аңгыча милиция кызматкерлери келип күчтөп автобуска салып, 18 адамды бул жердеги ички иштер бөлүмүнө алып келишти. Бийлик дагы бир жолу мыйзамсыздыкка бараарын далилдеди. Адам укугу ушундай корголот бизде...

Эмил Алиевдин пикирин КДКнын жетекчиси Виктор Черноморец да колдоду:

- Феликс Куловду колдойбуз деп милиция кызматкерлеринин камоосуна түшкөн 15 адамга 1-май ички иштер бөлүмү тарабынан административдик айып тагылды.

Жөө жүрүшкө чыгууга камынгандардын иши ушул эле күнү Бишкек убактысы боюнча 17де Биринчи май райондук сотунда каралды.

Алардын ишин Биринчи май райондук сотунун судьялары Эсенжан Абылкасымов менен Анарбек Мамбеталиев райондук прокуратуранын кызматкерлеринин катышуусунда карады.
Талас обулусунун Карабуура районунун Көксай айылынан келген Бектурган Саргазаковго, Сокулук районунун Кызылтуу айылынын тургундары Баатырбек Алымбеков менен Эрнест Төрөкуловго эскертүү берилип, сот залынан бошотулду. Ошондой эле Феликс Куловдун бир тууган иниси Диас Куловго дагы эскертүү берилип, бошотулду. Бишкектик Кубанычбек Кантиев да эскертүү алды.

Сот залында белгилүу укук коргоочу Турсунбек Акун “конституциялык укугу басмырланганын, милиция кызматкерлери шымын айрып, күч колдонгонун айтып, эч кандай мыйзам бузбаганын эскертип, адвокат же өз өкүлүнүн болушун” талап кылды.

Биринчи май райондук соттун судьясы Эсенжан Абылкасымов Турсунбек Акунга 1 миң сом айып салып, бошотту. Соттун судьясы Эсенжан Абылкасымов мындай дейт:

- Чынында эле булар административдик тартип бузушту. 40-50 киши чогулуп, жол тосушуп, улуксатсыз пикет өткөрүүгө аракет кылышкан. Мыйзамдын чегинде ишти карап, айрымдарына айып салып жатабыз.

Соттун чечимине укук коргоочу Турсунбек Акун макул эместигин мындайча айтып берди:

- Бул сот иши базардагыдай эле болду. Сотко көп жолу катыштым, мындайды көргөн эмесмин. Сот өзүн тааныштырып, иш кайсыл тилде болоорун айтып, иш менен тааныштыруу керек эле. Бул айылдагы башкарманын чогулушундай болду. Мени дагы, менин өкүлүмдүн пикири дагы толук угулган жок. Күбөлөр дагы суралбады. Муну менен сотко болгон ишеним дагы өчтү. Бул жорук соттордун деңгээли төмөндөп кеткенин билдирет. Мен соттун чечимин мурда эле билгем. Мага миң сом айып салынаарын билип тургам. Мен ойлогондой болду. Мен соттун чечимине макул эмесмин.

Ошондой эле белгилүү укук коргоочу Азиза Абдурасуловага да сот 1 миң сом айып салуу менен бошотту. Калгандардын ишин 16-апрелде карамак болуп, эртеңкиге калтырды.

XS
SM
MD
LG