Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:51

ИРАКТАГЫ БАРЫМТА ӨНӨКТҮГҮ


Иракта барымтачылар туткунга алынган италиялык төрт кишинин бирин өлтүрүп салышты. Ал эми өткөн аптада кармалып кеткен үч жапон бүгүн бошотулду. Бирок токиолук дипломаттар дагы эки мекендешин издеп жатышат. Ушул эле күнү Багдадда Иран элчилигинин биринчи катчысын атып кетишти. Баары болуп Иракта азыр он эки өлкөнүн кыркка жакын бейаскери адистери барымтада жатат.

Отуз алты жаштагы италиялык Жованни Куатрокки “Ал-Катиба ал-Хадра” же “Жашыл батальон” деп аталган топтун колунан набыт болду. Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттининин айтымында, Куатрокки баатырларча өлдү. Канкорлор анын көк желкесине тапанча такаганда Куатрокки башына кийгизилген капты жулуп салып, италиялыктар кантип өлөөрүн мен силерге көрсөтөм деп айбат кылган. Ушул маалда аны желдеттер атып салышкан, деп айтты Фраттини.

Жованни Куатрокки быйыл үйлөнмөкчү болуп,акча тапканы былтыр ноябрда Иракка келип, америкалык менчик фирмалардын бирине кызматка кирген экен. Апасына Иракка эмес, Косового баратам деп айтыптыр. Куатроккини италиялык үч киши менен өткөн аптада Фаллужага жакын жерде кармап кетишкен эле. “Жашыл батальончулар” Рим өкмөтүнөн Ирактан аскерлерин чыгарып кетүүнү, буга кошумча премьер Берлускониден “ислам цивилизациясына акаарат келтирген” сөздөрү үчүн кечирим суроону талап кылышкан. “Жашыл батальончулар” Куатроккини кантип өлтүрүшкөнүн кинотасмага тартып, ”Ал-Жазира” телеканалына жөнөтүшкөн. Бирок катарлык телекомпания ырайымсыз кадрларды көрсөтүүдөн баш тартты.

Италия өкмөтү азыр туткундагы калган үч кишисин бошотуп алганы дипломатиялык жана башка каналдар аркылуу активдүү аракет кылууда. Иракка жогорку даражалуу адамдардан турган атайын делегация жөнөтүлдү.

Ушул эле күнү Иракта үч жапон адиси туткундан бошотулду, аларды өткөн аптада барымтага кармап кетишкен эле. “Ал-Жазира” телеканалы ырастагандай, алардын ал-абалы жакшы. Бирок жапон дипломаттары Иракта дагы эки мекендешин таппай жатышканын айтышты. Жапон журналисттери кечээ Багдаддын четинде кулап түшкөн америкалык тик учмага байланыштуу маалымат топтогону кетип, ошо бойдон кабары чыкпай калган.

Акыркы окуяларды комментариялап, Токиодо премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми жапондуктар барымтачылардын бул жексурлугун кечирбейт жана унутпайт деп билдирди.

Ошол эле күнү Багдадда Иран элчилигинин биринчи катчысын атып кетишти. Дипломат машинасы менен жумушка баратканда жабытта жаткандар ага ок жабылтышкан. Бу күндөрү Иракта Тегерандан келген мартабалуу делегация жүргөн эле. Айрым кабарларда ирандыктар америкалыктар менен имам Садрдын ортосуна арачы түшкөнү Багдадга атайын келгени айтылууда.

Баары болуп Иракта азыр кыркка чукул бейаскери адистер барымтада жатат, алар он экидей өлкөнүн өкүлдөрү дешет. Орус өкмөтү бүгүн Багдадга эки самолет жөнөтүп, сегиз жүздөй кишисин чыгарып кетти. Башка бир катар өлкөлөр да өз жарандарын Иракка баргандан катуу сактандырып жатышат.

XS
SM
MD
LG