Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

ИРАК: ӨТКӨӨЛ ӨКМӨТТҮ ТҮПТӨӨ АРАКЕТТЕРИ


БУУнун Башкатчысынын өкүлү Лахдар Брахиминин билдиргенине караганда, Иракта 1-июлга карата бийликти АКШ баштаган коалициялык администрациядан өткөрүп алуучу өкмөт уюшулмакчы. БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, өзгөчө Кошмо Штаттары да ага чейин ирактыктар арасында өлкөнүн саясий келечеги боюнча мунаса табылаарына үмүттөнүшүүдө.

Тажрыйбалуу дипломат, мурда БУУнун Ооганстандагы өкүлү болуп иштеген Лахдар Брахими эми Ирактагы өкүлү катары бул өлкөнүн утурумдук бийлигин уюштуруу менен алектенип жатат. Ал соңку бир нече күндөн бери ирактык саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш ушул аптадагы билдирүүлөрүнүн биринде БУУнун дипломаттарынын Ирактагы аракеттерин жогору баалаган эле. Баяндамачылардын пикиринде, Буштун сөздөрү БУУ Ирактагы саясий реформа жараянында алдыңкы планга чыкканынын белгиси.

БУУнун Башкатчысынын өкүлү Лахдар Брахими ушул шаршембиде Багдаддагы басма сөз жыйынында билдиргенине караганда, 1-июлга карата Ирактын бийликти АКШ баштаган коалициялык администрациядан өткөрүп алуучу өкмөтү түзүлө алат. Өкмөт кандай курамда болоору тууралуу Брахими төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Биз өткөөл өкмөттү премьер-министр тарабынан башкарылуучу, катарына чынчылдыгы жана кесипкөйлүгү менен айрымаланган ирактыктарды камтыган өкмөт катары көрөбүз. Мамлекет башчысы - президент жана эки вице-президент болот.

Жогорудагыдай курамдагы бийликтин түзүлүп, иштей башташы менен өз кезегинде Ирактын АКШ дайындаган Башкаруу кеңеши жоюлат сыяктуу. БУУнун расмий адамдарынын айтымында, ал утурмдук өкмөткө кеңеш берүүчү ассамблея болуп калышы мүмкүн.

Брахими Багдаддагы басма сөз жыйынында белгилегендей, жогорудагы пландардын көпчүлүгү али ирактыктардын кеңири катмары тарабынан колдоо табышы керек. Анын сөзүнө караганда, өлкөнүн аттуу-баштуу адамдарынын көпчүлүгү улуттук биримдикти жана мунасаны жаратуу үчүн ири конференция уюштурулушун жактаарын айтышкан.

Мындай жыйын бийлик ирактыктардын колуна өткөн 1- июлдан кийин чакыртылып, анда кеңеш берүүчү ассамблея шайланышы зарыл. Ал орган өткөөл өкмөт менен бирге январь айында шайлоо уюштурулганга чейин иштемекчи.

Айтор БУУ өз жыйынтык планын сунуштагандан кийин АКШ Коопсуздук кеңешине Ирактын утурумдук өкмөтүн таанууну жана БУУнун бул жердеги ролун аныктаган резолюцияны киргизээри күтүлүүдө. Ал документте ошондой эле Иракта 30-июндан кийин да коопсуздукту камсыз кылуу үчүн АКШ баштаган көп улуттуу күчтөрдүн турушуна уруксат берилмекчи.

Коопсуздук кеңешинин азыркы төрагасы, Германиянын БУУдагы элчиси Гүнтер Плойгердин пикиринде, Иракта бийликтин олку-солкусуз өтүшүн камсыз кылуу өтө манилүү:

- Бийликти 30-июнда ирактыктарга өткөрүп берүүгө баары кызыкдар, бирок ал кимдерге өткөрүлүп берилет. Бул олуттуу маселе жана Брахими Ирактын утурумдук өкмөтүн куруунун жолдорун табууга аракеттенүүдө.

Германия азыр Иракка гуманитардык гана жардам көргөзүүдө. Бирок бир катар ири өлкөлөр АКШ БУУнун Ирактагы ролун так аныктамайынча эч кандай жардам бербешин ишара кылышкан. Алар Иракта 30-июндан кийин да калуучу АКШ баштаган көп улуттук күчтөр оккупациялык мүнөзүн жоготоору кепилденишин каалашат. БУУнун Иракта толук кандуу иштешине тоскоол болуп жаткан жагдайлардын бири - коопсуздук.

Башкатчы Кофи Аннан Иракка жакынкы келечекте БУУ кызматкерлеринин жоон тобунун кайтып баруу мүмкүнчүлүгүн ушул аптада да жокко чыгарды. Кошмо Штаттар БУУнун Ирактагы миссиясынын коопсуздугун камсыз кылууну Пакистандан суранган. Пакистан тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, алар азыр бул маселени караштырып жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG