Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ КОСОВОДОГУ КЫРДААЛДЫ ТАЛКУУЛАДЫ


Шейшембиде БУУнун Коопсуздук Кеңеши Косоводогу абалды талкуулап, провинциядагы саясий реформаларды уланта берүү зарылдыгын баса белгиледи. Уюмдун Косоводогу бейпилдик күчтөрүнүн жетекчиси өткөн айда болгон кагылышууларды алдын алуу үчүн жетиштүү аракеттенишкен жок деп этникалык албандардын лидерлерин айыптады.

1999-жылдан бери албандар басымдуулук кылган Косово БУУнун администрациясы алдында. Бирок албандардын эгемендүүлүк жөнүндөгү талабына карабай, провинция Сербиянын бир бөлүгү бойдон кала берүүдө.

Косовонун статусу боюнча меселени БУУнун Коопсуздук Кеңеши чечүүгө тийиш. Бирок ага чейин Приштина өкмөтү демократиялык стандарттарды орнотуу жаатында аракет жасашы керек. Ошондой стандарттардын ичинде серб азчылыктарынын укуктарын коргоо да каралган.

Кеңештин мүчөлөрү шейшемби күнкү талкуу маалында өткөн айда болгон кандуу окуялар саясий реформаларга чоң залака тийгизгенин белгилешти. Көпчүлүк дипломаттар Косовонун статусу жөнүндөгү маселени кароо алдында провинцияда демократия орнотулууга тийиш деген пикирде.

Марттын этегинде Сербиянын Косово чөлкөмүндөгү Косовска Митровица деген шаарчасында этникалык кагылыш тутанып, 19 киши набыт болуп, 900гө чукулу жаракат алган эле. Албан экстремисттери бир нече сааттын ичинде сербдердин Свиньяре кыштагынын 130 үйүн бирин калтырбай толугу менен өрттөп салышкан.

БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн командачысы Жан-Мари Гуэнно кан төгүүлөрдү болтурбоо үчүн аракет көрүшкөн жок деп, этникалык албандардын лидерлерин сындады:

- Косоволук лидерлер экстремисттерди активдүү же пассивдүү түрдө колдогон жана бул окуяларды аймактагы кырдаалды начарлатуу үчүн пайдаланган ырасмий адамдарды аныкташы керек. Косово жетекчилиги экстремизмге каршы күрөшүү жолунан тайбай турганынан күмөн санатпоого тийиш.

Коопсуздук кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү ушундай зомбулукка, улуттар аралык кагылыштарга жооп катары провинциядагы реформаларды колдоону уланата бериш керек деген ойун айтып чыгышты.

Британ элчисинин орун басары Адам Томсон кеңешке кирген мүчө-мамлекеттер атайын билдирүү даярдап жатышканын маалымдады. Анын пикиринде, БУУнун миссиясы тарабынан Косоволук албандардын лидерлерин реформа процесстерине көбүрөөк тартуу керек:

- Косовону чыныгы демократияга айландырыш үчүн анын жетекчилери жетектөөнү үйрөнүшү абзел. Аларга энергетика, экономика жана юстиция тармактарында көбүрөөк рол бериш керек. Косоволук саясатчылар болсо процесстердин алга жылышын каалаганын далилдөөгө тийиш.

Албаниянын БУУдагы элчиси Агим Нешо бийлик жергиликтүү убактылуу институттарга өткөрүлүп берилсе, алар мыйзамдын үстөмдүгүн жана адам укуктарын коргоо жаатындагы жоопкерчилигин күчөтмөк деген ойдо.

Элчи провинцияда сербдердин паралеллдүү структуралары Коссоводогу прогресске жолтоо болууда деп эсептээрин да кошумчалады.

Сербия жана Монтенегронун миссиясынын башчысы Роксанда Нинич болсо Белград Косоводогу сербдердин жамаатын коргоо үчүн провинциянын айрым бөлүктөрүндө жергиликтүү бийликтин сербдерге өткөрүп берүүнү сушуштап жатканын айтты. Бирок бул жараян Косовонун соңку статусун чечүүгө таасир этпейт деп ишендирди Белграддын расмий өкүлү.

Орусия Белграддын мындай демилгесин колдой турганын билдирди. Москванын БУУдагы өкүлү Геннадий Гатилов көп улуттуу демократияга алып келе турган башка мүмкүнчүлүктөрдү караштырыш керек деп эсептээрин белгиледи.

XS
SM
MD
LG