Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

КАЗАКТАР 1925-ЖЫЛГА ЧЕЙИН КЫРГЫЗ БОЛУШКАНБЫ?


1925-жылга чейин кадимки казактар "кыргыз", "кыргыз-кайсак" деп аталып келишти. Мындан улам калк арасында казактар кыргыз болушкан деген пикирлер да айтылып келет.

1925-жылы Казакстан кеңешинин V курултайы өтүп, анда буга чейин Кыргыз автономиялык Советтик социалисттик республикасы аталган өлкө, Казак АССРи болуп өзгөргөн. Ошондон улам калк арасында "казактар кыргыз болушкан, ал түгүл Совет өлкөсүн түптөгөн В.И.Ленин да аларды кыргыз деп атаган" деген пикир айтылат. Анда эмесе, адегенде ушул маселеге байланышкан пикирди угуп көрсөк:

- Орус булактарында казактарды кыргыз деп аташкан, ал эми бизди каракыргыз деп аташканы жалпы илимде маалым. Бир гана себеп бар, анткени казак деп аталып калыштын себеби орустар Донго, Түндүк Кавказга, Волга тарапка качкан эркин казак орустардан, теги орус, украин, беларус жана башка элдерден чыккан адамдарды айырмалоо максатында аларды өзүн казак-орус деп аташкан казактар деп, ал эми булар дагы казактар деп ошондуктан буларды кыргыз деп аташкан деген пикирлер бар, - деп эсептейт тарыхчы Олжобай Каратаев.

Асыресе, мындай көз караштын калыптанышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал түгүл кыргыздардын жана казактардын тарыхы менен маданиятын китептерден эмес, өз көзү менен көрүп, алар менен баарлашып, баамдаган академик В.В.Радлов да казактарды кыргыз деп жазган. Анткен менен мунун себеби биринчиден, энесайлык кыргыздардын жоокерчил эрдигине, экинчиден, "китеп таасир" аталган көрүнүшкө байланыштуу. Муну өз убагында айтылуу тарыхчы Алексей Ираклиевич Левшин көрөгөчтүк менен байкаган болчу. Анын 1827-жылы "Московский вестник" журналына "Об имени кыргыз-казакчьего народа и отличии его от подлинных ими диких киргизов" деген макаласында "анык кыгыздар Сибирдеги орус кыштактарын чаап алып, кыргын салып, элдин үрөйүн учургандыктан, алардын аталышы жек көрүмчү ат катары казак ордолорунда таңууланган", - деп жазат.

Анын айтымында, казактар өзүн казак деп айтышат жана алардын коңшулары да аларды казак дешкен. Демек, Сибирдеги кыргыз аты орустардын китеп салтына кабыл алынып, кийин алар казактарды да механикалык түрдө кыргыз деп жазып калышкан.
XS
SM
MD
LG