Президент А.Акаев парламентке кайрылуусунда экономикалык илгерилөөнүн темпи эскирген укуктук базанын кысымында калганын белгилеп, жакынкы аралыкта биртоп мыйзамдарды кабыл алуу зарылдыгын айтты. Президенттин ырасташынча, непадам, жаңы мыйзамдар эртерээк кабыл алынбаса республиканын эларалык финансылык келишимдери менен милдеттеринин аткарылышы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.
Кыргыз өкмөтүнүн парламенттик, президенттик шайлоо жакындап бараткан маалда мыйзам жазууга өзгөчө көңүл бурушунун олуттуу дегидей себеби бар. Алдыдагы бир жарым жыл бийликтин буга чейин жасаган иштеринин эсебин чыгарып, баасын берчү мезгил. Сырттан алган карыз акчаларынын жалпы көлөмү өлкөнүн өзү өндүргөн ички дүң продуктунан ашып кеткен чакта экономикалык реформалардын натыйжасы көрүнбөй жатыш себебин мыйзамга байланыштырып түшүндүрүүнүн чоо-жайы ушундай.
Өкмөт парламент менен мамыр-жумур иштөөнүн ордуна дайыма тоскоолдук жасап келгенин Абдыганы Эркебаев палатанын төрт жылдык иш жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында ачык эле айтты:
- Биздин кандай күнөөбүз бар. Мурда депутаттар демилге көтөрүп киргизишкен. Андан үч ай өткөндөн кийин кайрадан өкмөт, президент киргизип атат. Эми болсо кимисин карайбыз деп убакыт өткөрүп атабыз. Андан көрө, өкмөт болобу же президенттик администрациябы келип: “Ырахмат, урматтуу депутаттар, жакшы кылыпсыңар, биздин ушундай сунуштарыбыз бар эле”, деп чогуу жасап коюшса эмне болот эле? Жок, антишпейт, депутаттар бир балакет чыгарып ийишпесин деп жаңы каршы документ чыгарып алып келе коюшат. Отурабыз анан.
Төраганын айтуусунда, парламент экономикалык илгерилөөгө укуктук негиз түзчү мыйзамдарды токтоосуз кабыл алууга даяр.
- Эң маанилүү эки кодекс бар. Бажы кодексинин ар бир беренесин оңдоп отуруп кабыл алып бердик. Ал бүттү. Экинчиси – Салык кодекси. Президент айткан, бирок бизге келе элек. Өзү айтып атат: “Кудай буюрса, аманчылык болсо күздө келет” дейт. Ага чейин бүтүрүшсүн. Атайын комиссия иштеп атат. Келгенде кароого даярбыз. Андан башка мына банк ишине байланыштуу маанилүү мыйзамдарды кабыл алып берүүнү президент өтүнгөн. Ошонун эки-үчөө гана келди.
Өкмөт өзгөчө үмүт арткан жаңы Салык кодексинде “көмүскө экономиканы” коңулдан чыгаруунун аракети жасалган. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жаңы кодексте кирешелер боюнча салык өлчөмү бир нукка түшсө экономикалык өнүгүшкө кыйла дурус шарт түзүлөт эле деп эсептейт. Анын малымдашынча, буга чейин колдонулуп келген салык өлчөмү кескин өзгөрүлөт. Маянасы аздар 10%, көп айлык алгандар 20% төлөбөй, жалпысынан баары 12% гана кирешелер боюнча салык төлөшөт:
- Жаңы салык саясаты тууралуу дискуссия болгондо биз бир эле салык киргизсек деген сунушту айтып атабыз. Салык 12-13% тегерегинде чектелүүдө. Бул жөнөкөй, ар бирибизге түшүнүктүү салык болот.
Экономикалык өнүгүүнүн укуктук негизин чыңдоо аракети парламенттик, президенттик шайлоо жакындап калган маалда башталды. Эмдиги айдын башында депутаттар шайлоочулары менен жолугууга тарашат.