Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТЫН ЖАРААТЫН ШАРОНДУН ПЛАНЫ АЙЫКТЫРА АЛАБЫ?


Сапар Орозбаков, Прага Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон сунуш кылган планга Европа биримдигинин саясатчылары арасында бир жактуу пикир жок. Уюмдун тышкы иштер министрлеринин кечээки жолугушуусунан кийин кабыл алынган резолюцияда ал план Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга жасалган олуттуу кадам катары бааланды. Бирок Европа биримдигинин тышкы маселер боюнча комиссары Крис Паттен АКШнын ал планды колдоого алышы арап өлкөлөрүнүн кыжырын келтириши мүмкүн экендигин билдирди.

АКШнын президенти Жорж Буш өтүп бараткан аптада Израилдин премьер-министри Ариэл Шарондун сунуш кылган планын колдой тургандыгын билдирди. Бул планга ылайык Израил Газа секторунан чыгып кетмек болду. Бирок ал Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жерлердин бир бөлүгүн ээлеп кала берет.

Президент Бушту анын эң жакын санаалашы Британиянын премьери Тони Блэр колдоп чыкты:

- Биз Газа сектору менен Батыш жээкти бөлүү тууралуу Израилдин планын колдойбуз. Биз БУУ, Европа биримдиги, АКШ жана Орусия кирген төртүлүктүн болушунча тез жолугушуу өткөрүп, Палестинанын бийлиги Израилдин планына макул болушу үчүн экономикалык, саясий жана коопсуздук жагынан колдоо көрсөтүү тууралуу талкуу жүргүзүүнү каалайбыз, – деди Тони Блэр.

Кечээ Европа биримдиги Израилдин Газа секторунан чыгып кетүү тууралуу планы учурунда БУУ, Европа биримдиги, АКШ жана Орусия жактырган “жол картасы” аттуу планды аткарууга жасалган олуттуу кадам деп баалады. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бул “жол картасы” аттуу план аймактагы жаңжалды токтотуунун жана келечекте Израил менен тынчтыкта жашоону көздөгөн Палестин мамлекетин түзүүнүн бирден бир жолу экендигин билдиришти.

АКШнын президентинин Израилдин планын колдоп чыгышы жана “Израилдин 1967-жылы басып алган жерлеринен чыгып кетүүсү реалдуу эмес” деп айтышы арап өлкөлөрүнө жаккан жок. Кечээ Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Газа секторунда Израил түрмөлүрүндө отуруп чыккан адамдардын күнү белгиленип, ал жерге чогулгандар АКШнын президенти Жорж Буштун Ариэл Шерондун планын колдошуна байланыштуу нааразылык билдиришти:

- Европа биримдигинин атайын өкүлү Паттен “Американын ал планды колдоого алышы иштин кызыкчылыгына зыян келтирет” деп айтты. Крис Паттен буга байланыштуу көпчүлүк палестиндиктер эки өлкөнүн ортосундагы маселени чечүү боюнча аракеттер көпкө созулуп кетет деп коркуп жатышкандыктарын айтты, – деди демостранттардын бирөө.

XS
SM
MD
LG