Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

ИСПАНИЯЛЫК АСКЕРЛЕР ИРАКТАН ЧЫГАРЫЛЫП КЕТМЕК БОЛДУ


Испаниянын жаңы өкмөтү Ирактагы испан аскерлерин мүмкүн болушунча тез арада мекенине чыгарып кетүүнү буйруду. Кошмо Штаттары башка өлкөлөр да Иракта аскерлерди кармап туруу зарылдыгын карап көрүүсү ыктымал деп боолгойт жана терроризмге каршы күрөштө Испания менен эриш-аракак иштей берээрин билдирди.

Испаниянын жаңы премьер-министри Хосе Луис Родригес Сапатеро 19-апрелде - өкмөт башчысы катары ант бергенден 24 сааттан кийин-испан аскерлерин Ирактан чакырып алууну буйруганын жарыя кылды:

- Бүгүн эртең менен, коргоо министри Хосе Боно кызматына киришкенден кийин, мен ага испан аскерлерин Ирактан тез арада жана өтө коопсуз жол менен чыгарып кетүү үчүн бардык аракетти жасоону буйрудум.

Сапатеро буга дейре Улуттар Уюму Ирактагы саясый жараяндарга жигердүү катышчу болсо, испан жоокерлери өлкөдө кала берет деп жүргөн. Испаниянын жаңы премьеринин соңку сөзү, ал мурдакы үмүтүнөн кол үзгөнүн күбөлөйт.

Америкалык 150 миң аскер башындагы Ирактагы коалициялык күчтөр үчүн испаниялык 1300 аскер чоң күч эмес. Бирок, испандардын чыгарылып кетиши, коалицияга кирген өлкөлөрдүн катарын бузушу ыктымал.

Европа Биримдиги да БУУнун Иракты кайра курууга жандуу катышууга чакырды. Дүйшөмбү күнү ЕБнын тышкы саясат боюнча комиссары Хавьер Солананын өкүлү ( Кристина Галла) БУУнун Ирактагы ролун жогорулатуу жөнүндөгү Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы тез арада кабыл алыныш керек экенин билдирди.
Испаниянын өз аскерлерин Ирактан чыгарып кетүү чечимин эң биринчи болуп Австралиянын премьер-министри Жон Ховард сындады:

- Мен Испаниянын чечимине өтө чоң өкүнүчтөмүн. Испаниянын мындай чечими эркин жана демократиялуу Иракты курууга каршы далалат жасап жаткан адамдардын чырагына май тамызат.

АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кандолиза Райс жекшемби күнкү сөзүндө башка өлкөлөр да Испаниянын жолуна түшүүсү мүмкүн экенин эскерткен:

- Испандар өз аскерлерин Ирактан чыгарып кетүү жөнүндө кеп кылып жатканын биз билебиз. Алар сөзүн аткарса, мен ага таң калбаймын. Иракта калуунун тобокелчилигин караштырып көрмөк болуп жаткан башка өлкөлөр бар экенин да билебиз. Бирок биздин жердеги коалициябыз өтө бекем.

Райс айым бир да мамлекеттин ысмын атабады. Бирок, талдоочулардын айтымында, эмки кезек польшалык аскерлердики болушу ыктымал. Анткени, өткөн айда Мадридде болгон террордук жардыруулардан кийин президент Квасневски Иракка өлкө аскерлери жаңылыш жөнөтүлгөнүн кыйыр болсо да моюнуна алган болчу.

Римдеги Америка университетинин саясый талдоочусу Жеймс Уольтсондун боолгошунча:

- Америкалыктар үчүн Дания жана Польша сыяктуу башка саясат жөнүндө үн көтөрө баштаган жана ыргылжың болуп турган союздаштар чоң кыйынчылыкты жаратат.

Италия да олку-солку абалда турат. Жыл аягында Италиядагы солчул оппозициянын башына келет деп күтүлүп жаткан Еврокомиссиянын учурдагы төрагасы Романо Проди мурда эле италиялык 3 миң аскер Ирактан чыгарылат деп сөз берген. Проди ошон үчүн Сапатеронун чечимин Ирак чатагынын жөндөлүшүн тездетчү кадам ирети баалап, жактады.

Италиянын азыркы өкмөт башчысы Силвио Берлускони, өлкөдө согушка каршы пикир күч алып жатканына карабай, аскерлерди чакырып алуу терроризм жана экстремизмге каршы күрөшкө зыян келтирет деп санайт. Бирок, байкоочулардын айтышынча, Ирактагы кырдаал жакшырбаса жана Берлускони башындагы коалиция Европарламентке июнда болчу шайлоодо ийгиликке жетпей калса, ал өз пикирин өзгөртөрү күмөнсүз.

АКШнын жакын союздашы Британиянын премьер-министри Тони Блэрдин баштагы өңүтүнөн жеңил тайбасы бышык. Анткен менен, Блэрдин АКШнын Ирактагы саясатын бекем колдоосу, анын башкаруучу Жумушчу партиясындагы жактоочуларынын санын азайтып, аны акырындап жалгыздатууда дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG