Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

ИРАК: ИСПАНИЯНЫН ЖОЛОЮН БАШКАЛАР ЖОЛДОБОЙБУ?


АКШ бийлик ирактыктарга өткөрүлүп берилүүчү 30-июнга карата өлкө өзүн коргоого даяр болбойт деп эсептейт. Андыктан Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремердин айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу жаатында АКШнын жана башка өлкөлөрдүн аскерлери ирактыктар менен өнөктөштүгүн улантат. Мунун аралыгында АКШнын Ирак боюнча коалициядагы негизги шериктеринин бири - Испания бул жердеги аскерлерин чыгарып кеткен жатат. АКШнын президенти Жорж Буш Мадриддин мындай чечимине өкүнүч билдирди.

30 – июнда Ирактагы бийлик жергиликтүү өкмөткө өткөрүлүп берилгенден кийин да чет элдик аскерлердин бул жерде калаары мурдатан эле пландалып жаткан. АКШ баштаган коалициянын расмий өкүлдөрү жергиликтүү кызматтардын даяр эместигинен улам коопсуздук маселерин ирактыктардын өзүнө берүү саясий жараяндан жай жүрөөрүн моюнга алышкан болчу. Бирок эми Ирактын америкалык администратору Пол Бремердин сөзүнө караганда, үстүбүздөгү айдын ичинде өлкөнүн ар кайсы аймактарында болгон уруштар, коопсуздук күчтөрүнүн ичиндеги проблемаларды да ачыктады. Бремер өз билдирүүсүндө белгилегендей, соңку эки аптанын ичиндеги окуялар Ирактын коопсуздук күчтөрү өлкөдөгү коркунучтарга өз алдынча жооп бере албасын жана четтен жардамга муктаж экенин көргөздү. Андыктан америкалык аскерлер бийлик жергиликтүү өкмөткө берилгенден кийин да Иракта турууга тийиш.

Апрелдин ичиндеги уруштарда эле курман болгон америкалык аскерлердин саны 99га жетти. Бул – былтыр мартта Иракта согуш башталгандан бери бир ай ичиндеги эң чоң жоготуу.

Мунун аралыгында АКШнын Ирак боюнча коалициядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири - Испания бул жердеги аскерлерин мүмкүн болушунча тез чыгарып кетээрин жарыялады. Өлкөнүн кызматына жаңыдан киришкен премьер- министри Хосе Луис Родригес Сапатеро жекшембиде Мадридде болгон басма сөз жыйында мунун себептерин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- БУУ биздин Иракта турушубузду шарттаган чечим кабыл алаары арсар. Ушул жагдайлар мени биздин жоокерлерди жогору коопсуздукта жана өтө кыска убакыттын ичинде чыгаруу тууралуу чечим кабыл алуума алып барды.

Иракта азыр Испаниянын 1300 дөй жоокери бар. Кезинде калктын басымдуу бөлүгү алардын Иракка жөнөтүлүшүнө каршы турган эле.
Хосе Родригес Сапатеро лидерлик кылган Социалисттик партия март айында өткөн парламенттик шайлоодо жеңип чыккан болчу жана ал шайлоо кампаниясы учурунда испан аскерлерин Ирактан чыгырып кетээрин убада кылган. Ал эми шайлоонун жуп алдында Мадридде 200дөй адамдын өмүрүн алган терракт жасалганы белгилүү. Ага жоопкер болгон адамдар өз аракетин Испания АКШга Ирак согушунда колдоо көргөзгөнүнө да байланыштырышкан.

Америкалык "Нью –Йорк Таймс" гезитинин жазганына караганда, кесепети олутуу экенине карабай Кошмо Штаттардын бийлиги үчүн Испаниянын чечими күтүүсүз болгон жок. Испаниянын жаңы өкмөтүндө коргоо министринин кызматына дайындалган Хосе Боно жакында Вашингтондо жашыруун визит менен барып, маселени АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд менен талкуулаган. Ошондой эле Мадрид Иракта аскерлери турган Британия, Италия, Польша менен да сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Баяндамачылар белгилеп жаткандай, Испаниянын 1300дөй аскерин алып кетүүсү коалиция үчүн анчалык деле чоң жоготуу эмес. Бирок Испания колициядан биринчи болуп кетип жатат жана анын мисалын башкалар да кайталашы ыктымал. Муну АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс да жокко чыгарбайт:

- Биз өз чечимин кайра карап көргүсү келген башка өлкөлөр бар экенин да билебиз. Бирок биздин Ирактагы коалиция бекем жана кубаттуу.

АКШ президенти Жорж Буш дүйшөмбү күнү испан өкмөт башчысы Хосе Луис Родригес Сапатеро менен телефон сүйлөшүүсүндө Мадриддин чечимине өкүнүч билдирип, аскерлер коалициянын башка мүчөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч туудурбагыдай болуп чыгарылыш керектигин белгиледи. АКШ бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн ушул аптада Вашингтонго Испаниянын тышкы иштер министри барган жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG