Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Еврокомиссия Хорватиянын Евробиримдикке кирүү нийетин колдойт


Кабарларга караганда, Еврокомиссия Хорватия менен сүйлөшүү баштоого кеңеш берди, бирок сүйлөшүүнүн мөөнөтүн сунуш эткен жок. Хорватия Евробиримдикке 2007-жылы кошулууга ниет кылууда, Болгария менен Румыния да ушул тизмеде бар. Еврокеңештин тышкы иштер комиссары Крис Паттен Хорватиянын биримдикке кирүү үчүн зарыл болгон бардык саясий жана экономикалык шарттарды аткарганын бышыктады. Мындай шарттардын бирден бири - мурдагы Югославия боюнча согуш трибуналы менен кызматташттык эле. Хорватия Гаагадагы трибуналга шектүү 8 кылмышкерди чыгарып берди.

XS
SM
MD
LG