Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

КООПСУЗДУК КЫЗМАТ РЕФОРМАСЫ: МАКУЛ, КАРШЫ, КАЛЫС


Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Кыргызстандын Ички иштер министрлигин реформалоо демилгеси бейөкмөт уюмдар арасында аркыл пикирлерди жаратты. Ошондон Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Кыргызстандын Ички иштер министрлигин заманбап аскерий жарак-жабдык менен камсыз кылуу демилгеси колдоо таппай, ишке киргизилген долбоордун 6-пункту токтотулган. Күч органдары менен жарандык коомдун алака-катышын жакшыртуу амалы ушу тапта Кыргызстанда кызуу талкууга алынууда.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюму Феликс Куловдун жактоочуларын 15-апрелде милиция кызматкерлери жолдон тосуп, жүрүшкө катышкандарды административдик жазага тартышкандан кийин атайын билдирүү таратып, коопсуздук кызматын реформалоо боюнча Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун долбооруна катышпай тургандыктарын ачыкка чыгарды. Антүүнүн себеп-жөнүн бейөкмөт уюм жетекчиси Азиза Абдырасулова мындайча түшүндүрөт:

- Аталган долбоор коомдук тартип бузуу маалында мыйзам сактоо орган кызматкерлери менен жарандардын ортосундагы мамиле деп аталат. Мен мындай аталышка каршы болуп пикиримди ачык айткам. Себеби жыйындарга эркин чогуулу биздин жарандарыбыздын конституциялык укугу.

Коопсуздук кызматын реформалоо, анын жарандык коом менен катышын чыңдоо максатын көздөгөн атайын долбоорду ишке ашыруу өтүнүчүн “Эларалык сабырдуулук үчүн” коомдук фонду ЕККУга сунуш кылган. Аны ишке ашыруунун ыңгайы “Эларалык сабырдуулук үчүн” коомдук фондунун демилгеси менен эки ирет талкууга коюлган. Аталган долбоордун ассистенти Анара Егиналиеванын айтуусунда, күч министрликтери менен жарандык коомдун алака-катышын жөнгө салчу долбоор азырынча ишке ашырыла элек.

- Бул өзү азырынча ишке аша элек долбоор. Аны ишке ашыруу өтүнүчү эки ирет Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жарандык коом мүчөлөрүнүн Ысыккөл менен Жалалабаттагы жолугушууларында талкууланган. Чындай келгенде бул азырынча изги максатты аркалаган ой гана. Биз тартип коргоо органдары менен жарандык коом ортосунда натыйжалуу байланыш, пикир алышуу жүрүшүн каалаганбыз. Эки жолку кездешүүнүн негизинде долбоорго керектүү документтерди иштеп чыгууну көздөгөнбүз.

Анара Егиналиева “Эларалык сабырдуулук үчүн” коомдук фонду чыр-чатактарды алдын-алуу, болтурбоо амалында биртоп долбоорлорду жүзөгө ашырганын маалымдады.

А бирок да Кыргызстанда тартип коргоо органдарын реформалоо долбоору коомчулук тарабынан кыйла ишеңкебирээк кабыл алынат. Антишке, Аксы окуясынын кайгылуу сабактары себеп болду шекилдүү. Кыргызстандын ички иштер министрлигин реформалоо долбоору 2003-жылдын сентябрынан башталып бир жылдан кийин аягына чыгышы керек. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 4 миллион евро акча бөлүнгөн. 8 бөлүктөн турган долбоордун коомдук тартип бузууларды болтурбоо, андай аракеттерге бөгөт коюу тууралуу 6-бөлүгү биртоп коомдук уюмдардын сын пикирлеринен соң токтотулуп коюлган.

Цивилизациялуу өлкөлөрдө эч кандай эрен-төрөнү жок кабылданчу мындай аракеттин Кыргызстанда абыдан чоң коомдук каршылыкка учурашын Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Маркус Мюллер мындайча түшүндүрөт.

- Сиздер билгендей, менин түпкү тегим Швейцариядан. Өткөн кылымда бизде да Аксыдагыдай кайгылуу окуя болуп өткөн. Цюрихтеги демонстрация маалында биртоп адам өлгөн. Өтө кайгылуу окуя калктын эсинен эч качан чыкпайт. Менин оюмча, бу кайгылуу окуянын жакшылык менен бүтүшүн тилеп, аны жакшылыкка жоруп, тынчтыкты орнотуунун жолун издешибиз зарыл.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова күч бийлиги менен жарандык коомдун ортосунда өз ара түшүнүүчүлүк эч качан болбойт деп эсептейт. Анын ырасташынча, тартип коргоо органдары аткаруу бийлигине көз каранды, анын айткан-дегенинен чыга албайт. Мындай шартта иштиктүү кызматташуу, өз ара түшүнүүчүлүк тууралуу кеп кылуунун кереги жок.

- Себеби, биздин милиция кызматкерлери аткаруу бийлигине көз каранды, -
дейт Азиза Абдырасулова.

XS
SM
MD
LG