Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

СОҢКУ ЖЫЛДАРЫ КЫРГЫЗСТАНДА КЫЛМЫШТУУЛУКТУН САНЫ ӨСҮҮДӨ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөдөгү коопсуздук маселесине байланыштуу өкмөт күнүн өткөрдү. Түшкө чейинки отурумда Ички иштер министри, Башкы прокурор, Чек ара кызмат жетекчиси, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары жана мыйзам чыгаруу жыйынын тиешелүү комитет төрагалары кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча маалымат беришти. Отурумда соңку жылдары Кыргызстанда кылмыштууулук өсүп бараткандыгы белгиленип, Ички иштер министрлигинин жетекчилигине ишеним көрсөтпөө тууралуу токтом кабыл алуу сунушталды.

Жыйынга президенттик админстрация жетекчиси Тойчубек Касымов, премьер-минстр Николай Танаев, күч министрликтердин жетекчилери жана Башкы прокурор катышышты. Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитет төрагасы Исмаил Исаковдун маалыматына караганда, 2003-жылы Кыргызстанда 30 миң 963 оор кылмыш жасалган. Анын ичинен 27 миң 600 кылмыш иши ачылып, 4581 кылмыш иши ачылбай калган. Ал эми 2004-жылдын соңку үч айында өлкөдө 4527 оор кылмыш жасалып, 3057 кылмыш ичи ачылган. 1271 кылмыш ичи ачылбай калган. Мындан сырткары 2003-жылы 8, 2004-жылдын соңку үч айында Бишкекте 7 жолу адам өлтүрүү болгон:

- Ошондой эле соңку жылдары өлкөдө дайынсыз жоголгон адамдардын саны өсүүдө. Маселен, 2002-2003-жылдар аралыгында өлкөдө 3000 миң адам дайынсыз жоголгон. Салыштырып айтканда армиянын бир полкуна барабар адам жоголгон десек болот. Жалпы кылмыштын 30 пайызы Бишкекте жасалган. Мунун өзү эле Бишкек ички иштер башкармалыгы кандай иштегендигине далил болот.

Ал эми Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев буларга токтолду:

- Урматтуу депутаттар! соңку жылдары өлкөдөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштуулукту иликтөөдөн улам төмөкүлөргө токтолууга болот. Жылдан жылга кол салуудан каза болгон атуулдардын саны өсүүдө. Сонку беш жылда кылмыштуулуктун мындай түрү беш пайзыга жогорулады. Ошондой эле буга чейин адам өлтүрүү турмуштук карама-каршылыктан улам болсо ал эми соңку жылдары кимдир бирөөнүн тапшырмасы менен жана уюшкан кылмышкерлер тарабынан курал колдонуу менен адам өлтүрүү саны өсүүдө.

Ал эми Ички иштер министр Бакирдин Субанбеков өлкөдө болгон кылмыштуулуктун өскөндүгүн төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Учурдагы түзүлгөн абалды иликтөөдөн улам, төмөнкүлөрдү айтуума негиз түзүлүп отурат. Соңку эки жылдагы кылмыштуулуктун өсүшү өз ара карама-каршылыктар менен байланыштуу. Кийинки жылдары кылмыштуу топторду каржылоонун ыкмасы өзгөрдү. Эгерде мурда алардын негизги каржы булактары рекет, опузалап коркутуу, коммерциялык түзүлүштөрдү колдоо же эл арасында айтылып жүргөндөй бирөөлөр тарабынан коргоого алуу менен болсо, соңку мезгилде алардын көпчүлүгү банги бизнеске активдүү аралаша башташты. Мына ушул багытта алардын ортосунда өтө курч карама-каршылыктар пайда болуп, банги заттарга байланыштуу чөйрөдө бири-бирине болгон таасири күчөп, ал түгүл аймактарды бөлүп алуу боюнча чатактардын чыгышына алып келүүдө. Бизде болгон маалымат боюнча кылмыштуу топтордун өз ара тирешүүлөрүнөн улам адам өлтүрүү болууда. Эске алуучу нерсе, мындай кылмыштар ошол кылмыштуу топтор тарабынан күн мурунтадан мыктылап пландаштырылгандан улам жасалууда.

Деген Ички иштер министр Бакидин Субанбеков, бул тармакты каржылоонун төмөндүгү натыйжалуу иштөөгө тоскоол болуп жаткандыгын белгиледи. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынын кылмыштуулука жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин башчысы Алымбай Султанов Ички иштер министрлигинде паракорчулуктун жогорулап жаткандыгын белгилеп, «министрликтин азыркы жетекчилигин алмаштырмайынча абал оңолбойт», деген пикирин ортого салды:

- Катардагы милиция кызматкери болуп жумушка кириш үчүн жүз доллардан беш жүз долларга чейин берет. Ал эми базарга жакын жердеги милиция кызматкери үч жүз доллардан беш жүз долларга чейин берет. Анткени ал жерде бир аз май талкан көбүрөөк. Ал эми катардагы авто инспекциясынын кызматкери кызматка кирүү үчүн миң доллардан үч миң долларга чейин берет. Антпесе жумушка кире албайт.

Ошондой эле Алымбай Султанов барган сайын жол кырсыгынан каза болгондордун саны өскөндүгүнүн, республикалык мамлекеттик авто инспекциянын башчысы Кубанычбек Исмаиловдун ишмердүүлүгү менен байланыштырды:

- Жөнөкөй гана бир мисал, Кубанычбек Исмаилов жыл сайын миңдеген визиткаларды жасайт экен. Ошол визиткага Исмаиловдун колу коюлат экен. Ал визитка менен кылмышкерлер жана кыйынсынган рекет башчылары жүрүшөт. Борбордук авто жолдо турган авто инспекция кызматкерлери ал визитканы көрсө автомобилди токтотууга же текшерүүгө аксы жок. Урматтуу өкмөт башчы, министр ал визитка жүз доллар турат. Экинчиден, бүгүн айдоочунун күбөлүгүн эч окубай туруп эле үч жүз доллардан жети жүз долларга чейин сатып алса болот.

Ошондой эле жыйында өлкөдө атуулдардын атуулдардын конституциялык укугу, эркиндиги, коопсуздугу сакталбагындыгын белгилөө менен Ички иштер министрлигинин жетекчилгине ишеним көрсөтпөө тууралууу токтом долбоорун кабыл алуу сунушталды. Түштөн кийинки отурумда кворум жок болгондуктан маселени талкуулоо келээрки дүйшөмбү күнү улантыла турган болду.

XS
SM
MD
LG