Түрк тилдүү калктар өкүмдардын өкүмүнө көнүп, айтканын аткаруу менен бирге, падышадан адилет башкарууну күтүшкөн. Өкүмдар өз кезинде калктын камын жеп, эгер вазирлеринин айткандарына ишенбей шек санаса, анда карапайым кийинип алып, базарга чыгып, калк менен баарлашып, бийликтин ак, карасын өз кулагы менен укчу экен. Жусуп Баласагуни өкүмдарга жүктөлгөн жоопкерчиликтин маанисин мындайча чечмелейт: "Өлкөдө бир адам ачка калса, Теңир аны себебин сенден сурайт. Андыктан көзүңдү ач! Өкүмдар адамдарга карамдуу жана жоомарт болушу керек. Калк токчулуктун даамын татсын. Падыша адамдарга нурун чач! Элиң менин аркаң менен тойунсун, кийинсин. Теңир сага аманат жүктөдү. Ал аманатты өмүрүңдүн аягына чейин татыктуу аткар".
"Кутадгу Билигди" башка бир жеринде: "Падыша эли үчүн кут. Андыктан ал элин кутка бөлөшү абзел. Эй өкүмдар калктын жакырчылыгын жоё албай туруп, кантип өкүмдар деген наам алып жүрөсүң", - деп мамлекет башчысынын негизги милдетин аныктайт. Жусуп Баласагунинин көздөгөн максатына ылайык өкүмдар калктын кызыкчылыгын күнү, түнү ойлоп, аны ошондой даражада аткаруу камын жейт. Эгер, эл байыса, ал өкүмдардын мартабасынын артканына барабар.
"Кутадгу Билигде": "Эл башкарган падыша кызматкер" жок эч бир иш аткара албайт. Кызматкери бар өкүмдардын ошончолук байлыгы болсун. Эй, өкүмдар, казынаны ач, элиңе тарат. Алар кубансын. Душмандарды өзүңө тарт! Эгер сен дайыма жогору турууну кааласаң элиңден байлыкты аяба. Адамдарды ыраазы кыл. Андан кийин алардан кызмат өтөөсүн сура", - деп өкүмдардын бийлик багытына көрсөтмө берилет.
Жусуп Баласагунинин көөнөргүс эмгегинде камтылган акыл берметтери кайсыл доор жана кандай бийлик болбосун маанисин жоготпой, колдонуу татыктуу экендиги байкалат.