Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

САУД АРАВИЯСЫНДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАР ЭМНЕНИ КӨЗДӨЙТ?


Сапар Орозбаков, Прага Акыркы мезгилде Сауд Аравиясында бир нече жолу террордук чабуул болуп кетти. Анын кошунасы Иордания да миңдеген адамдын өмүрүнө коркунуч келтирген террордук аракетти алдын алып калгандыгын билдирип жатат. Бул ислам экстремисстеринин аймактагы туруктуулукту бузууга жасаган аракетиби?

23-апрелде Сауд Аравиясынын Жидде шаарында кагылышуу болуп, полиция эки террорчул адамды атып өлтүрдү. Андан мурда да ушул эле шаарда үч террорчу атып өлтүрүлгөн болчу. 21-апрелде болсо Сауд Аравиясынын борбору Эр-Риядда машине жарылып, төрт адам өлүп, 150 дөн ашык адам жаракат алган. Полиция бул Эр-Рияддагы жардыруу андан да катуу болмок эле деп жатат. Анткени жарылган машинеден тышкары төрт тонна жардыруучу зат салынган дагы үч машинени полиция билип калып, террорчулардын планы ишке толук ашкан эмес. Сауд Аравиясындагы жардыруулардын өзгөчөлүгү - алардын түздөн-түз бийликке каршы багытталгандыгы. Машине коопсуздук кызматынын имаратынын алдына келип жарылган.

Лондондогу падыша институтунун Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти Даниэл Нип бул окуялар тууралуу мындай дейт:

- Сауд Аравиясындагы окуялардын өзгөчөлүгү - чабуулдар өкмөттүн имараттарына багытталгандыгында болуп жатат. Бул- чабуулдун тактикасынын өзгөргөнүн көрсөтөт. Мурда Сауд Аравиясында жардыруулар коммерциялык чатактардан улам жүргүзүлчү. Анда мамлекетке багытталчу эмес.

Террор жасоо аракеттери Сауд Аравиясынын кошунасы Иорданияда да болуп жаткандыгы айтылууда. 13-апрелде Иорданиянын королу Абдулла миңдеген адамдын өмүрүнө коркунуч келтирген террордук аракет алдын алынып, шектүүлөр камалганын айткан. Корол анын аки-чүкүсүнө токтолгон эмес. Бирок жардыруучу заттардын өтө эле көптүгүн белгилеген болчу. Ушундам улам ислам экстремисттери аймактагы туруктуулукту бузууга аракет жасап жаткан жокпу деген суроо чыкпай койбойт.

Даниэл Нил бул пикирге кошулбайт. Анын пикири боюнча Сауд Аравиясы Ирак жана Израил-Палестин маселери боюнча башка араб өлкөлөргө окшош позицияны ээлейт. Бирок анын экстремисстик топтору өз алдынча аракет жүргүзүшөт:

- Сауд Аравиясындагы жана Иорданиядагы топтордун ортосунда байланыш бар же жок экенин билүү кызык болоор эле. Мен алар бири-бири менен көп деле байланышпаган, өз алдынча иштеген топторбу деп ойлойм. Мен баардык топторду экстремисттерге кошо берүүнү туура көрбөйм. Менин оюмча, Ирак, Израил-Палестин, Иордания жана Сауд Аравиясынын баарын бир көз менен карабаш керек – дейт Даниэл Нип.

Сауд Аравиясынын эли бул өлкөдөгү болуп өткөн террордук чабуулдарды Усама бен Ладенден көрөт. Бирок Эр-Риядда болгон жардырууларга байланыштуу “ал-Каиданы” күнөөлөгөн билдирүү болгон жок. Эксперттер бул жардырууларды өз мойнуна алган “Ал Харамейн” аттуу диний топ “ал-Каида” менен байланышы жок жергиликтүү топ болсо керек деп болжошот.

Даниэл Ниптин айтымында, Эр-Рияд азыр эки жактын кысымы астында калды. Бир жагынан АКШ аны демократияны жайылтууга багытталган саясий реформаларды жасоого үндөп келет. Экинчи жагынан, ад андай кылайын десе, өлкөдөгү ислам уюмдарына жакпайт.

Даниил Нипти угалы:

- Өкмөт ичтен да, тыштан да кысымдын алдында калганын сезип, андан жол табуу кыйын болуп жатат.

Уэльс университетинин аналитиги Жероен Ганинг мындай пикирге кошулат. Анын оюнча, эгерде демократияга жол берилсе, ашынган исламдык топтордун катарына кирбеген бул топтор акырындап системага тартылып, лоялдуу мүнөздөгү оппозицияга айланып кетиши мүмкүн:

- Египетти же Иорданияны, же Түркияны карагылачы. Алар кызык мисал болуп эсептелишет. Саясатка аралашууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк бар. Өздөрүнүн бийликке ич күптүлүгүн, талаптарын жана башка ушундай нерселерди сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк берилет. Экономикада каалагандай иш кыла алышат. Орто класс өзүнүн келечеги бар экендигин сезип турат. Мындай шартта алар радикал болууну каалашпайт, - дейт Жереон Ганинг.

Анын ою боюнча, эгерде Сауд Аравиясы чыны менен эле диний экстремизмдин туткунунда калбайм десе саясий реформаларды тездетүүсү зарыл.

XS
SM
MD
LG