Штаб-квартирасы Ташкенде жайгашкан бул уюм өзүнүн милдеттерин ушул жылдын 1-январынан тартып аткара баштады. Террорго каршы күрөш боюнча бул борбордун башкы максаты - Шанхай кызматташтык уюумуна мүчө өлкөлөрдүн күч структураларынын терроризм, сепаратизм жана эксремизмге каршы күрөшүүдөгү кызматташтыкты координациялоого көмөктөшүү, аймактагы кырдаалды анализдөө, Шанхай кызматташтык уюмунун бул тармактагы кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп эсептелет.
ШОСтун регионалдык антитеррордук структурасынын аткаруу комитетинин башчысы, Өзбекстандын өкүлү, генерал-майор Вячеслав Касымов белгилегендей, аталган органдын иштөө тартибин, ишмердүүлүгүнүн укуктук, мыйзамдык негиздерин аныктаган тиешелүү документтер кабыл алынды. Жалпысынан бул структурада 30 кызматкер иштейт. Учурда анда кыргыз тарап төрагалык кылууда. Структуранын жетекчисинин кеңешчилеринин бири Кыргызстандын өкүлү Аскарбек Мамеев.
Вячеслав Касымов структуранын азыркы ишмердүүлүгүндөгү төмөнкү үч башкы багытын белгиледи:
- Υч багыттын бири - маалыматтык-аналитикалык багыттагы иш. Бул багытта Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы түзүлгөн кырдаалды анализдөө, региондогу оперативдүү структуралардын иштиктүүлүгүн координациялоо, атайын кызматтар үчүн адистерди даярдоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү, экинчиси - уюмдун башка эларалык уюмдар менен кызматташуусун жакшыртуу, регионалдык структуранын ишмердүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдөө, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы макулдашууларды даярдоо.
Регионалдык антитеррордук структуранын башчысы белгилегендей, жакында Өзбекстанда орун алган террордук акттардан кийин ШКУга мүчө өлкөлөрдүн күч структуралары тарабынан жүргүзүлгөн оперативдүү иштерин жогору бааласа болот. Мындай иш-аракеттердин натыйжасында террордук уюм тарабынан жардыруулардын уюштурулушуна бөгөт коюлуп, террорчулардын курал-жарак, жардыргычтары бекитилген жерлери табылды. Регионалдык антитеррордук структуранын жетекчисинин пикиринде Ташкен жана Бухара шаарларында террордук акттарды жасаган деген күнөө коюлуп жаткан «Жамият» террордук уюму Борбор Азия регионундагы кырдаалды дестабилдештирип, халифат түзүү максатын көздөгөн:
- Алар биринчи кезекте башаламандык түзүү максатын көздөгөн. Бүгүн биз алар уюшулган топ болгондугу жөнүндө айта алабыз. Алар мамлекетти башкаруу, тартип коргоо органдарынын имараттарына жакын жерлерде жардырууларды даярдашкан. Алардын максаты - эмирлер тарабынан башкарыла турган халифат түзүү болууда.
Вячеслав Касымовдун айтымында, террористтердин ичинен 40ка жакын адам каза тапты. Учурда Өзбекстандагы жардыруулар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыктары боюнча Өзбекстанда бул диний-экстремисттик агымга ылым санаган 500гө жакын атуул бар экендиги тастыкталды. Алар негизинен социалдык маселелери чечилбеген атуулдар. Регионалдык антитеррордук структуранын кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлү, улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Токон Мамытовдун пикиринде да, террордук уюмдарды дин менен байланыштыруу туура эмес. Террордук топторго көпчүлүк учурда материалдык, социалдык жардамдарга муктаж атуулдар да жеңил тартылат дейт Токон Мамытов:
- Терроризмди тигил же бул дин менен байланыштырууга болбойт. Терроризмге каршы күрөшүү багытындагы башкы максаттардын бири - кедейчиликти жойуу, социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү болуп эсептелет.
ШКУнун антитеррордук структурасынын өкүлдөрү белгилешкендей, бул уюмдун демилгеси боюнча учурда Өзбекстандын жана Кыргызстандын аймагында күч структураларынын кызматкерлеринин атайын машыгуулары уюштурулууда.
Ушул жылдын жайында болсо Шанхай кызматташтык уюмунун бул регионалдык антитеррордук структурасынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга шарттарды түзгөн бир нече жаңы макулдашууларга кол коюлушу күтүлүүдө.