Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

БУДАЛЫК АЙЫЛЫНДА БОЛГОН ЖЕР КӨЧКҮ 33 АДАМДЫН ӨМҮРҮН КЫЙДЫ


Кожогелди Култегин, Ош 26-апрелде Алай районунун Будалык айылынын Кайнама аймагында жер көчкү жүрүп, андан 33 адам каза болду. 11 тургун ооруканага жеткирилди. Кырсык болгон жерден жаңыдан кайтып келген Ош облусунун губернатору Накен Касиев менен кабарчыбыз кыскача маек уюштурду.

Каргашалуу жер көчкү тууралуу ал жактан кабар алып кайткан жана табийгат кырсыгын четтетүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүп жаткан губернатор Накен Касиевдин өз оозунан маалымат уксак:

- Тилекке каршы бүгүн 26-апрель күнү Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнүн Кайнама участкасында саат эртең мененки ондо жер көчкү жүрдү. Ошонун кесепетинен 12 үй көчкүнүн алдында калды жана 33 адам набыт болду. Мунун ичинде балдары, жаштары, карылары бар. Бул биз үчүн чоң трагедия, жоготуу болду. Кабар келгенден бир саат 15 мүнөттөн кийин жетип бардым ал жерге. Будалыкта былтыр дагы тынбай жер көчүп, эки жолу жолду жаап салып, көл пайда болуп, эл 3-4 айлап кыйын акыбалда калган эле. Былтыр даярдап жол куруп, салып бергенбиз. Быйыл ошол жол Азия банкынын долбооруна кирип, 8 млн. сомго жол куруу, оңдоо каралып аткан. Мына тилекке каршы мындай чоң жоготуу болду.

- Адистер ошол чөлкөмдү көчөт деп каттоого алышкан бекен. Элди оолактатуу боюнча чараларды көрүшкөн бекен?

- Эки апта мурда мониторинг жасаган адамдар барып көрүп, алар ал жерде коркунуч жок деп тапкан экен. Бирок акыркы эки жолу жер титирөө болду. Ошол жер титирөөдөн кийин жана тынбай жааган жамгырдан кийин тоонун башы үзүлүп кетип, алыстан келип суунун аркы өйүзүнө барып чабыла түштү. Ошол суунун аркы өйүзүндө турган үйдүн он экиси ушундай кыйын акыбалда калды. Бүгүн президентибизге кабарладык эле. Эртең Аскар Акаевич өзү баш болуп, өкмөт башчысы Николай Танаев болуп келатышат. Ошол жердеги элди көчүрүү боюнча, ссуданы чечип берүү боюнча жана мындан аркы Будалык айылынын келечегин кандай кылып чечебиз - ошол тууралуу кеп болот. Себеби бүгүнкү күндө Будалыктын акыбалы өтө оор. Ар бир кырдан ар убакта жер көчкү жүрүп кетүү коркунучу турат. Мына ушуну кандай чечебиз, ушул тууралуу эртең чечим кабыл алынат.

- Жер көчкү баскан ошол 12 үйдүн канчасында адам өмүрлөрү кыйылган? Айрым үйбүлөөлөрдө бир нече киши набыт болгон деген маалыматтар тароодо?

- Он бир үй-бүлөдө адамдар каза болду. Ошонун ичинен бир үй-бүлөдө тогуз адам, экинчи үй-бүлөдө сегиз адам. Баш-аягы - 33 адам.

Накен Касиев менен маектен кийин Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен жана Алай райондук мамлекеттик акимчилигинен алынган айрым маалыматтарды да кошумчалай кетели. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча көчкү өтө кыска убакытта бир мүнөт ичинде көчүп токтогон. Набыт болгон 33 адамдын он алтысы чоң киши, алтысы окуучу, он бири мектеп жашына чейинки балдар.

XS
SM
MD
LG